Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуНоокат району 25.04.2019 15:46 На русском

Ноокатта 1 ай бою күнүнө 100 «КамАЗ» шагыл ташыгандарга 5500 сом айып салынып, жумуш токтотулду

Арал айылындагы сай
Арал айылындагы сай

Turmush -  Ноокат районунун Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн Арал айылындагы сайда шагыл казуу иштери токтотулду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Арал айылынын тургуну Үсөнбай Мирзалиевдин айтымында, жүк ташуучу унаалар сайдан шагыл ташыгандыктан жердин кыртышы бузулуп жатат. Ал сайда шагылдын көлөмү азайып, жердин кыртышы бузулган сайын элдин бак-дарагын сел агызып кетип жатканын билдирди.

«2000-жылдары жердин кыртышы бузулгандыктан 4-5 гана үй-бүлө калып, калганы көчүрүлгөн. Кышында да, жазында да шагыл ташылат. Айылдык кеңештин депутаттарын ортого салып жатып, сайдагы шагылга тийбөө жөнүндө чечим чыгарганбыз. Ошондон бери бадал, чычырканак өсүп, жер өз ордуна келип баштаган. Бирок 1 айдан бери сайда экскаватор иштеп, таң аткандан кечке чейин 100 "КамАЗдай" шагыл чыгарылып жаткан. "КамАЗдын" ээлери башка, бирок алардын үстүнөн башкарып турган ушул эле райондун Кара-Таш айылынын тургуну экен», - деди Үсөнбай Мирзалиев.

Ал эми атын атагысы келбеген айрым жашоочулар сайдагы трактор жана экскаватор Жогорку Кеңештин депутаты менен «кызматташкан» адамдарга таандык экенин айтышты. Алардын айтымында, жергилктүү тургундардын «Чыгып кеткиле!» деп айткандарына карабай, «биздин крышабыз» бар деп укпай коюшкан.

Мамлекеттик экотехинспекциянын Ноокат жанан Араван райондук башкармалыгынын кызматкери Маматиса Сыдыков Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуусунун негизинде 23-апрель күнү шагыл ташуу иштери токтотулганын айтты.

«Бузуулар жөнүндө кодекстеги беренелердин негизинде шагыл казуу иштери токтотулду. Экскаватор менен трактор кимге таандык экенин билбейбиз. Экскаватор иштеткендерге 5500 сом айып пул салынды. Айып пулду 28-апрелде төгөбүз дешти», - дейт М.Сыдыков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×