Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Нарын облусуКочкор району 25.04.2019 20:02 На русском

Теңдикте Т.Усубалиевдин 100 жылдыгына карата балатылар отургузулуп жатат

Turmush -  Кочкор районунун Теңдик айылында жол жээктерине балатылар отургузулууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Саясий жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата Теңдик айылынын Т.Усубалиев көчөсүнүн боюна 100 түп Тянь-Шань балатыларын отургузуу иштери кызуу жүрүп жатат.

«Айылды жашылдандыруу максатында жана Т.Усубалиевдин 100 жылдыгына карата балатынын көчөттөрү алынып келип отургузулууда. Нарын жана Кочкор райондук токой чарбасы, Кочкор айыл өкмөтү, айылдын жаштары жардамын берди. Көчөттөр 100 миң сомго чукул акча каражатына алынып келинди. Быйылкы жылы 100 түп көчөт отургузуу мерчемделинген.

Ар бир отургузулган балаты жакшы өсүп, аны мал жеп кетпеш үчүн сыртынан тосулат. Айрым көчөттөр үйдүн алдына тигилсе, аны үй ээси көзөмөлгө алат», - деди Теңдик айыл башчысы Жаныбек Кенжекожоев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×