Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Нарын облусу, Нарын 25.04.2019 18:22

Кыргызстанга келген түрк ишкерлер Нарын шаарына барышты

Turmush -  Бүгүн, 25-апрелде Нарын шаарына Кыргызстан-Түркия консулу Мустафа Курт
жана жеке ишкерлер келишти, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, түрк ишкерлери жергиликтүү ишкерлер менен жолугушуп баарлашты. Нарындын ишкерлери өздөрүнүн долбоорлорун келген меймандарга сунушташты. Өз кезегинде түркиялыктар айтылган долбоорлорду тиешелүү адистер менен келип көрүшөрүн айтышты. Андан соң алар Ат-Башы районуна сапар алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×