Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Чүй облусуЧүй району 26.04.2019 10:16

Тагдыр: 4 баланын энеси С.Мамбеталиева Ат-Башыдан Бишкекке келип, кайырчылык менен жан багууда

Turmush -  Ат-Башы районунун 45 жаштагы тургуну Света Мамбеталиева борбордогу мечиттин алдында кайырчылык кылып, балдарын багып келет.

С.Мамбеталиева Ат-Башы районуна караштуу Ак-Моюн айылында 1974-жылы туулган. Ата-энесинен эрте айрылып, өзү ооруп калган. Айылдын аба ырайы жакпай, 2012-жылы аргасыздан жер которгон. Ал учурда 4 баланын энеси.

«Биринчи жолдошум 2007-жылы оорунун айынан каза болду. Андан кийин турмушка чыгып, бирок ажырашып кеттим. 4 баланын энесимин. Балдарымдын эң кичүүсү 3 жашка чыкты. Ат-Башы районуна караштуу Ак-Моюн айылында турчумун. Азыр Бишкек шаарында батирде жашайм. Өзүмдүн үйүм жок, оор турмушта жашап келем. Жаш балдарым менен жумушка алышпайт.

2011-жылы башым ооруп, неврологияда 4 жолу дарыланып чыктым. 1994-жылы туулган улуу кызым дагы ооруйт. Андан кийин 1997-жылы туулган уулум бар. Андан деле жардам жок. Кийинкиси 9-класс, ал Ат-Башыда окуйт. Кичүүсү өзүм менен. Жардам бергендер деле жок, жөлөк пул, пенсия албайм. Мамлекеттен жардам көрө элекмин. Балама кийимдерди базардан, мечиттин жанынан аялдар беришет. Батирдин акчасын кайырчылыктан тапкан каражаттан төлөйм», - деди ал.

Света Мамбеталиевага жардам берем дегендер 0707 661 821 номуру аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×