Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Нарын облусуЖумгал району 26.04.2019 10:02

30 жаштагы Кайрат Качкынбаев Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

Turmush -  Жумгал районунун Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Качкынбаев Кайрат Кедейбекович шайланды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Байзак айыл өкмөтүнүн башчылыгына 1 талапкер катталган. Шайлоого айылдык кеңештин 21 депутаты толук катышып, 19 депутат Кайрат Качкынбаевдин талапкерлигин колдошту.

Айылдык кеңештин төрагасы Таалай Күчмуратовдун айтымында, шайлоо 24-апрелде өткөрүлгөн.

Качкынбаев Кайрат Кедейбекович 1989-жылы Жумгал районунун Байзак айылында туулган. 2007-жылы айылдагы А.Молдокеев атындагы орто мектебин аяктап, ушул эле жылы Ү.Асаналиев атындагы Тоо-кен иши жана тоо-кен технологиялык институтунда билим алып, аны 2012-жылы бүтүргөн.

2013-жылы «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече көмүр кесиминде тоо мастери, 2017-жылы Кара-Кече филиалынын директорунун жардамчысы болгон. Ушул эле жылы көмүр кесимдин башчылык кызматына которулган.

2016-жылы Байзак айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×