Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Ош облусуКара-Суу району 26.04.2019 16:03 На русском

Кара-суулук «Али Ван Дамм» Россияда М.Галкиндин шоусуна катышып, кыялын орундатты. Видео

Мухаммад Али
Мухаммад Али

Turmush -  22-апрель күнү россиялык белгилүү юморист, теле алып баруучу Максим Галкиндин «Баарынан мыкты» («Лучше всех») телепрограммасы эфирге чыгып, анда Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Шарк айылынын 10 жаштагы тургуну Мухаммад Али Хасанахунов өз өнөрүн көрсөттү. Ал Россиянын «Биринчи каналында» М.Галкиндин суроолоруна жооп берип, турникте ар кандай трюктарды жасаган. Аймактык кабарчы Кыргызстанга гана эмес, бүтүндөй Россияга таанылган Мухаммад Али Хасанахуновдун үйүнө барып, аны менен маектешип келди.

10 жаштагы Мухаммад Али өз айылында «Жан-Клод Ван Дамм» каймана аты менен таанымал. Ал 5 жашынан тартып эле уруш өнөрүнүн таэквондо түрүнө кызыгып баштаган. Голливуддун жылдызы Жан-Клод Ван Даммдын тасмаларынан таасирленген жаш талант турникте ар кандай трюктарды жасаганды үйрөнүүдө атасынын салымы чоң экенин белгиледи.

«5 жашымдан баштап машыгып баштагам. Атам экөөбүз турникте жасала турган трюктарды интернеттен көрөбүз. Андан кийин атам мага ал трюктарды үйрөтөт. Турниктен тышкары спорттун гимнастика, таэквондо менен машыгам. Ошондой эле денемди чымыр кармап, булчуңдарымды иретке келтирип, бодибилдинг менен машыгам. 32 кг салмактагы гиряны мойнум менен көтөрөм», - деди Мухаммад Али.

Буга чейин анын атасы Хаятжон Хасанохунов Turmush басылмасына анын уулу «Баарынан мыкты» долбооруна катышып, шоумен Максим Галкиндин колунан медаль алууну кыялданып жатканын билдирген.

«Москвага барганда Максим Галкиндин командасы бизди жакшы тосуп алышты. Мейманканага жайгаштырышты. М.Галкин өзү дагы мага мотивация берди. Ал "мындай таланттуу бала биздин шоуга мурун келген эмес. Сен абдан таланттуу экенсиң" деди. Келечекте таэквондо боюнча олимпиаданын чемпиону болуп, Кыргызстандын желегин бийикке көтөрөм», - деди жаш талант.

Ал эми анын атасы Хаятжон Хасанахунов уулу кичинекей кезинен эле спортко жөндөмдүү экенин, Жан-Клод Ван Даммдын кинолорун көргөндөн кийин спорттун таэквондо түрүнө кызыгып калганын айтты.

«Балама кичинекей кезинен эле интернеттен Жан-Клод Ван Даммдын кинолорун көрсөтчүмүн. Кийин "ата, мен спортчу болом" деп шпагатка отуруп, машыга баштады. Колдон келишинче шарт түзүп берүүгө аракет кыла баштадым. Кышында эшикте үшүп калбасын деп көчмө турник жасап бергем. Аны үйдүн ичине да алып кирсе болот. Жан-клод Ван Даммдын тасмаларына кызыгып, таэквондонун ыкмаларын үйрөнө баштагандан кийин айылда "Али Ван Дамм" деген атка конгон.

Эгер баланын спортко болгон дымагы күчтүү болсо, ал шарты жок жайда дагы машыга алат. Азыр балам "Россияда машыгып, келечекте олимпиада чемпиону болом" деп жатат. Баламдын сүрөттөрү жана видеолору мурун эле интернетке тараган. "Баарынан мыкты" шоусунун режиссерлору аларды көрүшүп, бизге катышууну сунушташты. Алгач уулумдун турникте жасаган трюктарынын видеолорун көбүрөөк жөнөтүүнү суранышкан. Кийин интернет аркылуу балам менен түз байланышка чыгышты. Арадан көп өтпөй "сиз кастингден өттүңүз, шоуга чакырабыз" деген кат келди. Электрондук билеттерди жөнөтүштү. Ошолор менен Москвага бардык. Биздин бардык чыгашаларыбызды төлөп беришти», - деди Х.Хасанахунов.

Буга чейин Турмуш басылмасы Мухаммед Али Хасанахуновтууралуу жазган. Маекти толугу менен бул шилтемеден окусаңыз болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×