Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ош облусу, Ош 27.04.2019 23:00

Ошто Кыргыз премьер-лигасынын кезектеги беттеши өттү

Turmush -  Бүгүн, 27-апрель күнү Кыргыз премьер-лигасынын кезектеги беттеши Ош шаарындагы Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо өтүп, анда жергиликтүү эки клуб — «Академия-Лидер» жана «Алай» беттешти, деп билдирди аймактык кабарчы.

Оюнду активдүү чабуул менен баштаган «Алай» клубу алгачкы голду жаратууга жетишти. Андан соң экинчи голду киргизди. Биринчи таймда күйөрмандар башка гол көрө алган жок. Ал эми экинчи таймда «Алай» мыкты чабуулдар менен баштаганына карабастан гол киргизе алган жок. Тескерисинче «Академия-Лидер» клубу акыркы мүнөттөрдө гол киргизди. Оюндун жыйынтыгында 2:1 эсеп менен «Алай» жеңишке жетишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×