Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуӨзгөн району 29.04.2019 17:17 Жаңыланды: 29.04.2019 17:26

Аюу айылындагы каргаша: 8 адамдын денеси табылып, 16 киши жер көчкү алдында калган (сүрөт)

Аюу айылындагы жер көчкү
Аюу айылындагы жер көчкү

Turmush -  Быйыл Өзгөн районунун Аюу айылындагы каргашалуу окуяга 2 жылдын жүзү болду. Тактап айтканда 2017-жылдын 29-апрелинде саат 06:50 чамасында Заргер айыл өкмөтүнүн Аюу айылында болжол менен 200 миң метр куб болгон жер көчкү 7 турак үйдү басып калган эле. Анын кесепетинен 24 адам (тогузу жаш балдар) көчкүнүн алдында калган...

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №2 мобилдик куткаруу отрядынын командири Мергенбаев Нурсултан Жусупбаевич ошол кайгылуу күндөгү куткаруу иштерине катышкан, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Аюу айылындагы кырсык тууралуу

Мага аябай таасир берип, куткаруучу болуп иштегенден бери көз алдымдан кетпей, эсте калган окуя – бул 2017-жылдын 29-апрелиндеги Өзгөн районунун Аюу айылында болгон жер көчкү апааты. Каза болгон адамдарды жер көчкүнүн астынан алып чыккан учурда башкача, катуу коркуу сезимдери болгон. Анда мен жаш куткаруучу болуп, көп нерсеге даяр эмес болчумун. Ал окуядан бери моралдык-психологиялык жактан даярдыктардан өтүп, кыйла чыңалдык. Психология боюнча бизге «Өлгөн адамдан коркпо, тирүү адамдан корк» деп үйрөтүшөт. Учурдан пайдаланып ушундай кырсыктарды болтурбоо үчүн кооптуу жайда жашаган жарандардан министрлик тарабынан берилген эскертүүлөргө кайдыгер карабай, өз өмүрүн тобокелге салбоосун суранат элем.

ЭСКЕРҮҮ

Өзгөн районундагы Аюу айылында 2017-жылы 29-апрелде саат 06:40 чамасында жүргөн жер көчкү жалпы 7 үйдү жана 24 адамды басып калган. Көчкүнүн алдынан 8 адамдын денеси табылып, 16 адамды издөө иштери 4-майда токтотулган эле.

Көчкү алдында калган 16 адам:

- 1980-жылы туулган Юсупахунова Зилола Азизовна (жолдошу жана 4 баласы табылды);

- 1968-жылы туулган Коргонбаев Маматали Назирбаевич;

- 1930-жылы туулган Разабаев Хабибилла;

- 1939-жылы туулган Разабаева Арзи;

- 2000-жылы туулган Хабибиллаев Захит Шерниязович;

- 2000-жылы туулган Ибрагим уулу Дилшодбек;

- 1970-жылы туулган Разабаев Абдисалам Хабибиллаевич;

- 1975-жылы туулган Маманова Нигорахон Мамажановна (Россиянын жараны);

- 1967-жылы туулган Абдразакова Рахима Жороевна;

- 2013-жылы туулган Артыкбаева Хилола Фарезовна;

- 2003-жылы туулган Артыкбай уулу Ориф;

- 1988-жылы туулган Камчыев Фаруг Артыкбаевич;

- 1993-жылы туулган Шермамат кызы Хамдона;

- 2016-жылы туулган Артыкбаева Ситора Фаруховна;

- 1979-жылы туулган Разабаева Мехринса Хабибиллаевна;

- 2014-жылы туулган Каримов Мухамадали Абдымухтарович.

Көчкү баскан 24 адамдын ичинен 8 адамдын денеси чыгарылган.

Алар:

1) 2003-жылы туулган Назирбаева Азиза Икрамжановна;

2) 2007-жылы туулган Назирбаева Умида Икрамжановна;

3) 1978-жылы туулган Коргонбаев Икрамжан Назирбаевич;

4) 2013-жылы туулган Назирбаев Алмазбек Икрамжанович;

5) 2000-жылы туулган Назирбаев Хуршидбек Икрамжанович;

6) 2005-жылы туулган Адина Маманова;

7) 2015-жылы туулган Мадина Хабибиллаева;

8) 1997-жылы туулган Гүлайым Назирбаева.

Жер көчкүнүн алдында калган адамдарга 2-майда жаназа окулган. Ага чейин Кыргызстандын Аалымдар кеңешинин өкүлдөрү жер көчкүдөн көз жумгандарды акыркы сапарга узатуу, көчкү алдында калгандарга жаназа окуу боюнча чыгарылган фатва менен тааныштырышкан эле.

Муфтияттын билдирүүсүндө: «Дин аалымдары "жер титирөөдө, жер көчкүдө же үйдүн дубалы кыйрап, анын алдында калган сөөктү чыгарууга мүмкүнчүлүк болбой калса, анда айласыздан анын гусулу менен кепини кечиримдүү болот. Дене кайсыл жерде калса, ошол жер анын кабыры деп саналат жана денеси жарылып кеткенге чейин жаназа намазын окуса болот" деген далилдердин негизинде фатва чыгарышты. Аны Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү бир добуштан колдоого алышты», - деп айтылат.

Издөө-куткаруу иштери

30-апрелде саат 14:15 чамасында көчкүнүн алдынан 2005-жылы туулган Адина Маманова жана 2015-жылы туулган Мадина Хабибиллаеванын денеси табылган. Болжолдуу маалыматтар боюнча, бир тууган кыздар ата-энеси менен бирге көчкү алдында калышкан. Алардын денесин тайлары Жалал-Абаддын Түрк-Абад айылында жерге беришти.

Ошол эле күнү куткаруучулар саат 17:40 чамасында 20 жаштагы Гүлайым Назирбаеванын денесин таап чыгышкан. Ал 1-майда айылында акыркы сапарга узатылды.
Ата-бала — 1978-жылы туулган Коргонбаев Икрамжан Назирбаевич менен 2013-жылы туулган Назирбаев Алмазбек Икрамжановичтин денеси 2-майда саат 18:45 жана 19:55 чамасында табылды.
3-майда саат 17:40 чамасында 2003-жылы туулган Назирбаева Азиза Икрамжановна жана 2007-жылы туулган Назирбаева Умида Икрамжановнанын денеси ылай алдынан чыгарылган.
3-майда саат 18:10 чамасында табылган дене 2000-жылы туулган Назирбаев Хуршидбек Икрамжанович болушу мүмкүн деп болжолдонгон.
Жер көчкүнүн астында калгандардын эң улуусу — 84 жаштагы Хабибила Разабаев. Ал 75 жаштагы жубайы жана небереси менен кошо ылай алдында калышты. Коңшулары Х.Разабаевдин 17 жаштагы небереси Захит Хабибиллаев аларга учурашуу үчүн келгенин айтышкан эле.
Көчкүнүн астында калган Хабибиллаев Захит менен Ибрагим уулу Дилшодбек жакын туугандардын уулдары болчу. 2000-жылы туулган өспүрүмдөр 10-класста билим алып жатышкан.
Бир үйдөн жалгыз тирүү калган Артыкбай Камчиев үй-бүлөсүндөгү 6 адамдан ажырады. Анын жубайы Рахима, 4 жаштагы небереси Хилола, 2003-жылы туулган уулу Ориф, 29 жаштагы уулу Фаруг, келини Хамдона жана бир жаштагы небереси Ситора көчкү астында калган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×