Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусу, Кара-Суу 30.04.2019 16:24

«Пайдасыз өтмөк»: Кара-Сууда урай баштаган жаңы өтмөк качан ачылат? (видео, сүрөт)

Кара-Суу шаарындагы өтмөк
Кара-Суу шаарындагы өтмөк

Turmush -  Кара-Суу шаарынын Ленин көчөсүндө курулуп жаткан жер алдынан өтүүчү өтмөк 1 жылдан бери пайдаланууга бериле элек. Учурда анын шыбактары урап, дубалдарында жарака пайда болгонун көрүүгө болот. Жергилктүү тургундар, айрыкча өтмөктүн жанында жайгашкан базарда иштеген соодагерлер өтмөктүн максатсыз курулганын аймактык кабарчыга билдиришти.

Атын атагысы келбеген соодагерлер өтмөктүн ичинде жарака пайда болгонун, ошондуктан пайдаланууга берилбей жаткандыгын айтып жатышат.

«Өтмөк пайдаланууга бериле электигине байланыштуу адамдарга ыңгайсыздыктарды жаратууда. Араба сүйрөп иштегендерге кыйын болууда», - деди бир соодагер.

Дагы бир соодагер өтмөктүн кереги жок экенин айтты.

«Бул жерге өтмөктүн кереги жок болчу. Андан көрө аны райондук администрациянын алдындагы көчөгө курса болмок», - деди ал.

Өтмөктүн курулушу өткөн жылдын жаз айларында башталган. Анын курулушуна Сарай айыл өкмөтүнөн акча бөлүнүп, тендерди «Суу Транс» жоопкерчилиги чектелген коому 28 млн сомго утуп алган. Жумуштар 2018-жылдын сентябрь айында бүтөрү айтылган, бирок кызыл тасма кесиле элек.

Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Турганбаев өтмөк боюнча айтылган кептерден кабардар экенин, азыр ал Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан текшерилип жатканын билдирди.

«Эл арасында ар кандай кептер айтыла берип, анын ачылышына өзүм да ишенбей калдым. Биз ӨКМге кат жөнөттүк. Аталган министрлик корутундусун бергенден кийин качан пайдаланууга бериле турганын айтам», - деди З.Турганбаев.

Ал эми Мамэкотехинспекциянын Кара-Суу району боюнча аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси Рысбек Юсуповдун айтымына караганда, өтмөктү курган компанияга техникалык эрежелерди аткарбагандыгы үчүн айып пул салынган.

«Биз өтмөктү куруп жаткан компанияга эскертүү бергенбиз. Ал тургай 23 миң сом айып пул дагы салганбыз», - деди ал.

Сөз болуп жаткан өтмөктүн узундугу 22 метр, туурасы 16 метрди түзөт. Ал базардын жанында жайгашкандыктан аны Сарай айыл өкмөтү курдурган. Себеби базардын жарымы Кара-Суу шаарына, жарымы Сарай айыл өкмөтүнө карайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×