Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Ош облусу, Ош 01.05.2019 10:17

Ошто милиция кызматкерлеринин арасында самбо боюнча биринчиликтин жеңүүчүлөрү аныкталды (сүрөт)

Оштогу самбо боюнча биринчилик
Оштогу самбо боюнча биринчилик

Turmush -  Ош шаарында 2010-жылдын апрель-июнь окуяларында курман болгон милиция кызматкерлеринин жаркын элесине арналган самбо боюнча биринчиликтин жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Биринчилик 26-27-апрель күндөрү Ош шаарындагы «Динамо» спорт комплексинде өткөн. Ага ИИМдин кызматкерлери жана каза болгондордун жакындары катышкан. Мелдеште жалпысынан 13 команда, тактап айтканда 130 спортчу-милиция кызматкери 7 салмак категориясында күч сынашты.

Анын жыйынтыгында 1-орунду ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген кайтаруу күзөт башкы башкармалыгынын (МАККББ) командасы ээлеп, 10 миң сом жана 1-даражадагы диплом, кубок менен сыйланышты. 2-орунду алган Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын командасы 9 миң сом жана 2-даражадагы диплом, кубок менен сыйланды. 3-орунду ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полктун командасы алып, 8 миң сом жана 3-даражадагы диплом, кубок ыйгарылды. 4-орунга Ош облустук ички иштер башкармалыгынын командасы илинди.

Биринчиликтин жеңүүчүлөрү:

62 кг салмакта:

- 1-орун — Карыпов Адилет (МАККББ);
- 2-орун —Төлөмүшов Азизбек (Бишкек ШИИБ);
- 3-орун — Жуманов Бектур (Талас ОИИБ);
- 3-орун — Махмудов Нурлан (ИИМдин академиясы).

68 кг салмакта:

- 1-орун — Бообеков Талгат (Бишкек ШИИБ);
- 2-орун — Уметов Алайбек (Жалал-Абад ОИИБ);
- 3-орун — Сапарбек уулу Эртабылды (МАККББ);
- 3-орун — Өктөш уулу Бексултан (Ош ОИИБ).

74 кг салмакта:

- 1-орун — Лутпилла уулу Алибек (Ош ОИИБ);
- 2-орун — Алыкулов Султан (МАККББ);
- 3-орун — Кубанычбек уулу Бексултан (Талас ОИИБ);
- 3-орун — Элисбек уулу Эрнис (Нарын ОИИБ).

82 кг салмакта:

- 1-орун — Арыкбаев Мидин (МАККББ);
- 2-орун — Жаныбек уулу Самат (Ош ОИИБ);
- 3-орун — Канатбек уулу Кубатбек (Бишкек ШИИБ).

90 кг салмакта:

- 1-орун — Абдилаким уулу Нурсултан («Шумкар» АБП);
- 2-орун — Шинеев Эрнис (ИИМдин академиясы);
- 3-орун — Жуманалиев Жеңишбек (Бишкек ШИИБ);
- 3-орун — Юсупов Алмаз (Ош ШИИБ).

100 кг салмакта:

- 1-орун — Үмөталиев Асылбек («Шумкар» АБП);
- 2-орун — Арыкбаев Урмат (МАККББ);
- 3-орун — Сыдыков Өмүрбек (Ош ШИИБ);
- 3-орун — Карыпов Темирлан (Бишкек ШИИБ).

100 килограммдан жогору:

- 1-орун — Аширов Орозбек («Шумкар» АБП);
- 2-орун — Усенов Нурлан (ЖКККББ)
- 3-орун — Бурканов Алмухамед (Бишкек ШИИБ);
- 3-орун — Шаршеев Элдияр (МАККББ).

Буга чейин Turmush басылмасы 26-апрель күнү Ош шаарында укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында спорттун самбо түрү боюнча мелдеш өтүп жатканын жазган.

Аталган биринчилик 2011-жылдан тартып ИИМдин буйругунун негизинде жыл сайын өткөрүлүп келет.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×