Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуЧоң-Алай району 02.05.2019 13:50 На русском

Жура менен Зейнебдин сүйүүсү, тарыхый окуянын каарманы: Мыксыз курулган үйдө кайсы мергенчи жашаган? (видео, сүрөт)

Жоро Каримовдун үйү
Жоро Каримовдун үйү

Turmush -  Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон айылында Россиянын акыркы падышасы болгон Николай II убагында (1986-1917-жылдары башкарган) курулган үй бар. Ал үйдө аты алыска тараган Жоро аттуу мергенчи жашагандыгы айтылат. Аймактык кабарчы Жоро Каримовдун кызы Айымкан Жороева менен маектешти.

Николай II бийлиги 1917-жылы февраль айындагы төңкөрүштө кулаган. Николай II жана анын ишмердүүлүгү жөнүндө карама-каршы пикирлер айтылат. Айрымдары акыркы падыша Россияда болгон бардык кыйынчылыктардын себепкери болгон дешсе, айрымдары аны орус элинин бардык күнөөсүн өзүнө алган ыйык падыша катары көрүшкөн.

Жергиликтүү тургундардын айрымдары Жоро Каримовдун милиция кызматкери болгондугун айтышса, айрымдары анын атактуу мергенчи болгондугун билдиришти. Убагында ал жашаган үй 5 бөлмөлүү болчу, бирок бузулуп отуруп учурда анын 1 гана бөлмөсү сакталып калган. А.Жороева үйдү курууда темир жана мык колдонулбаганын айтты.

«Атам биринчи аялынан балалуу болбой, апама үйлөнгөн экен. Биз алты бир тууган болчубуз. Учурда 3 кыз, 1 уул калдык. Апамдын көзү өткөн кийин үйдө мен жашап калдым. Үйдүн чатыры, эшиктери жалаң арчанын жыгачынан жасалган. Үйдү бузуп жатканда чарык (бут кийимдин бир түрү, такасы калың, учу ичке болгон кыска чокой), эки идиш, гезиттер чыккан. Мен бир туугандардын эң кенжеси болгондуктан атам жөнүндө көп маалыматым жок. Себеби атам 2-3 жашымда каза болуп калыптыр. Туугандарыбыз атамды басмачылар менен күрөшкөн аскер кызматкери болгон дешет», - деди Айымкан Жороева.

Ал айылдагы Кул датка чебинде музей уюштурулса эшиктерди, буюмдарды музейге өткөрүп берерин билдирди. Бирок А.Жороева табылган эски гезиттерди өрттөп салган.

Жергиликтүү санжырачы Сейдали Азимов анын атасы Жоро Каримов менен дос болгонун билдирди. Анын айтымында, Ж.Каримов мыкты мергенчи жана милиция кызматкери болгон.

Ошондой эле жергиликтүү тургундардын арасында Тажикстандын кинематографиясынын алтын казынасында сакталган «Жура — Миң-Архардын мергенчиси» («Джура — охотник из Мин-Архара») тасмасында Жоро Каримовдун образы берилген деген кептер айтылат.

-----------------------------------------

«Жура — Миң-Архардын мергенчиси» тасмасы Георгий Павлович Тушкандын (Советтик жазуучу) 1928-жылдагы Түркстандагы окуялар жөнүндө жазылган «Жура» романынын негизинде тартылган.

Жаш мергенчи Жура тууралуу тартылган тасма 6 сериядан турат жана анда Миң-Архар айылында болгон тарыхый окуялар чагылдырылган.

Тасма тууралуу:

Мурда Түркстанга караган Памир тоолорунда аткезчиликке каршы чыныгы күрөш башталат. Тоолордун арасында унутта калган кичинекей айыл аркылуу СССРдин аймагына басмачылар жана аткезчилер кирген жол болот. Басмачылардын максаты — советтик бийликтин аброюн түшүрүү. Ошондуктан алар чек ара аркылуу мыйзамсыз түрдө курал-жарак алып киргенге камынышат. Мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч жаралгандыктан чек араны коргоого жаш жигиттерден түзүлгөн топ уюшулат.

Жура — жергиликтүү мергенчи. Ал сүйүктүүсү Зейнеб менен чек арадагы абалды четте карап тура алышпайт. Жура менен Зейнеб чек арачыларга кошулуп, аткезчилерге каршы турушат. Эми чек ара коопсуз абалда, себеби эки жаш аны коргоо үчүн баарына даяр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×