Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуНоокат району 02.05.2019 21:30

Ноокаттык 3 балбан эл аралык мелдеште жеңүүчү болуп, 300 миң сом менен сыйланды (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 1-май күнү Ноокат районунда эмгек майрамына карата уюштурулган улуттук алыш күрөшү боюнча өткөн мелдеште алдыңкы 3 орунду Ноокаттын спортчулары ээлешти. Бул тууралуу улуттук алыш күрөшү боюнча эл аралык калыс Абдикалил Турдуев аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, спортчулар 70, 80 жана 80 килограммдан жогорку салмак категориясында күч сынашып, үч салмак категорияда тең ноокаттык спортчулар 1-орунду алышкан.

«Жыл сайын өтүүчү мелдешке жергиликтүү депутаттар демөөрчүлүк кылып келишкен. Быйыл бир ишкер демөөрчү болуп, мелдешти уюштуруп берди. Коңшу өлкөлөрдөн келген спортчуларды кошкондо 300дөй спортчу күч сынашты. 1-орунду алгандарга 100 миң сомдон, 2-орунду алгандар 50 миң, 3-орунду ээлегендерге 20 миң сомдон акчалай сыйлыктар тапшырылды», - деди башкы калыс Абдикалил Турдуев.

Мелдештин жеңүүчүлөрү:

- 70 кг — Жаныбек уулу Үсөн (Төөлөс айыл өкмөтү);

- 80 кг — Замирбек Жамалидинов (Көк-Жар айыл өкмөтү);

- 80 килограммдан жогору — Мыктыбек Каныбек уулу.

Буга чейин Turmush басылмасы Ноокат районундагы Сахаба эс алуу багында улуттук алыш күрөшү боюнча мелдеш өтүп жатканын жазган.

«Мындай мелдеш бизде жыл сайын өткөрүлүп келет. Майрамга карата уюштурулган мелдешке Тажикстан, Өзбекстан өлкөлөрүнөн 40 спортчу келишти. Мелдеш Ноокат райондук администрациясы тарабынан уюштурулду», - деген райондук спорт комитетинин төрагасы Ислам Кожоев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×