Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуНоокат району 03.05.2019 16:27

«Эмаком» компаниясы Ноокатта волейбол мелдешин өткөрүп, байгеге 3 унаа койду (сүрөт)

Баш байгеге коюлган унаалар
Баш байгеге коюлган унаалар

Turmush -  «Эмаком» курулуш компаниясы Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндө волейбол боюнча райондор аралык мелдеш уюштуруп, баш байгеге 3 автоунаа койду. Аталган мелдешке жалпысынан 21 команда катышып, алардын катарында Нарын облусунун Ат-Башы районунан барган курама команда дагы күч сынашып жатат.

Райондор аралык мелдеш 1-май — Эмгек күнүнө жана Улуу Ата Мекендик согуштун 74 жылдыгына карата уюштурулган. Мелдештин ачылышына Жогорку Кеңештин депутаттары — Төрөбай Зулпукаров (КСДП), Зиядин Жамалдинов («Өнүгүү-Прогресс»), Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы, жеке ишкерлер жана «Эмаком холдинг» компаниясынын президенти Эмилбек Жусупов катышкан.

Э.Жусуповдун айтымында, мелдештин максаты — спортчулар арасындагы достукту арттыруу, сергек жашоого үндөө жана спортту пропагандалоо болуп саналат.

«Мен көптөн бери спортчулар арасында республикалык деңгээлдеги мелдеш уюштурууну көздөп жүргөм. Кудай буюруп, ошол тилегим ушул күнү орундалып жатат. 10 жыл мурун ушундай иш-чара өткөрүүнү ниет кылгам жана мындай иш-чараларды Кыргызстандын булуң-бурчтарында өткөрүп келе жатабыз. Адамдарды спортко тартуу жакшы нерсе. Былтыр Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялангандыктан бир айылга кичи футбол үчүн аянтча куруп бергенбиз. Быйыл Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата ишкер катары колубуздан келген жардамды берели деп жатабыз», - деди Э.Жусупов.

Мелдешке күбө болуп жатышкан спорт сүйүүчүлөрү иш-чара жогорку деңгээлде өтүп жатканын айтышты. Ал эми мелдешке катышкан спортчулар мындай деңгээлдеги мелдеш быйыл биринчи жолу өтүп жатканын билдиришти.

Нарын облусунан келген Ат-Башы районунун волейбол боюнча курама командасынын оюнчусу Самат Алмазбек уулу Ноокатка экинчи жолу келип жатышканын айтты.

«Бул мелдеш райондор аралык болгондуктан, албетте республикалык деңгээлдеги мелдеш болуп саналат. Ноокат районуна келип, алгачкы жолу катышкан мелдеште 4-орунду алганбыз. Учурда 1 команданы жеңдик», - деди Самат Алмазбек уулу.

Аталган мелдеш кечээ, 2-май күнү башталган жана бүгүн, 3-май күнү жыйынтыкталат. 1-орунду алган командага «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унаа, 2-орунду алган командага «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү унаа жана 3-орунду алган командага 1000 доллар каралган.

Андан тышкары 45 жаштан жогорку жаштагылар арасында өзүнчө мелдеш уюштурулуп, анын жеңүүчүсүнө «Жигули» унаасы тапшырылат. Ошондой эле 2-орунду алган тарап 30 миң сом жана 3-орунду ээлеген жеңүүчү 20 миң сом менен сыйланат.

Мелдештин жеңүүчүлөрү:

- 1-орун — Кадамжай районунун командасы, «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү автоунаага ээ болушту;

- 2-орун — Ноокат районунун командасы, «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү автоунаага ээ болушту;

- 3-орун — Баткен облусунун курама командасы, 1000 доллар акчалай сыйлыкка ээ болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×