Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАраван району 03.05.2019 19:23 Жаңыланды: 03.05.2019 19:48 На русском

Дары чөп жана диета: Заманбап жана элдик ыкмаларды колдонгон «DОCTOR NB» клиникасы (сүрөт)

«DОCTOR NB» клиникасы
«DОCTOR NB» клиникасы

Turmush -  Учурда медицина болуп көрбөгөндөй өзгөрүүгө дуушар болууда. Бирок ага карабастан байыркы чыгыш табыптарынын илимий иштери ушул күнгө чейин сакталган. Алсак Абу Али Ибн Синанын (Европада Авиценна аты менен таанымал) дарылоо ыкмалары аркылуу бүгүнкү медицина калыптанганы айтылат. Илим-техника өнүгө электе табыптар бейтаптарды ар кандай дары чөптөр менен дарылап келишкен.

Ош облусунун Араван районунда жаңы ачылган «DОCTOR NB» клиникасы дал ушундай дары чөптөрдү колдонуу менен ооруларды айыктырууну көздөйт жана өз кызматын сунуштайт.

Аталган клиниканын негиздөөчүсү жана башкы дарыгери Нурмухаммад Бурхонжоновдун айтымында, клиниканын негизги максаты — жарандарды сапаттуу медициналык ыкмалар менен дарылоо болуп саналат. Ал үчүн «DОCTOR NB» клиникасы учурда толук түрдө жаңы медициналык аппараттар менен камсыздалган.

«Клиника 2019-жылдын март айында иштей баштады. Андан бери биз көптөгөн бейтаптарга жардам берүүгө жетиштик. Биздин клиникага Араван районунан гана эмес, Кыргызстандын бардык аймактарынан келишет. Өзбекстан мамлекетинен дагы келип, дарыланып кеткендер бар. Биздин өзгөчөлүгүбүз — бейтаптарды диета ыкмасы менен дарылайбыз. Ушул ыкма менен иштеп келе жатканыма 20 жыл болду. Андан сырткары мен Бишкек шаарындагы медициналык окуу жайда иштейм. Дары чөптөр боюнча илимий макалаларды жаздым. Эми аларды коргоого даярданып жатам. Себеби элге дары чөптөр менен көп оорулардан арылса болорун далилдеп бериш керек», - дейт Н.Бурхонжонов.

«DОCTOR NB» клиникасы акыркы үлгүдөгү медициналык дарылоо, анализдөө аппараттары менен камсыздалган. Оорукана бейтаптар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, жайлуу палаталарды курган. Клиниканын имараты 5 кабаттан турат. Анын 1-кабатында дарыгерлердин бөлмөлөрү, 2-кабатында мырзалар дарылана турчу палаталар, 3-кабатында айымдар дарылана турчу палаталар, 4-кабатта үй-бүлөлөр дарыланган палаталар жана 5-кабатта люкс бөлмөлөр каралган. Ашканасында 3 маал ысык тамак берилет жана палаталар сыналгы менен камсыздалган.

Клиникада жалпысынан 20дай дарыгер жумуш менен камсыз болгон. Алардын ичинде 5 жогорку билимдүү дарыгер, 10 атайын орто билимдүү дарыгерлер бар жана алар күнү-түнү иштешет.

«DОCTOR NB» клиникасында неврология, кардиология, терапия, урология, лор, ийне сайып дарылоо, фитотерапия боюнча адистер кызмат кылышат. Ошондой эле жакынкы күндөрү тиш дарылоо бөлүмүн ачуу пландалып жатат. Клиникада магнитотерапия, УВЧ, электрофарез, дарсонваль, электросон, парафин, массаж (эркектер жана аялдар үчүн өзүнчө), УЗИ, эхокардиография, ЭКГ, гастроскоп сыяктуу аппараттар бар.

Клиникада дары чөптөр менен дарылоого басым жасалган. Бул ыкма медицинада «фитотерапия» деген аталыш менен таанымал.

врачтын суроту

Клиниканын негиздөөчүсү Нурмухаммад Бурхонжонов 1985-жылы 12-августта Араван районунда дарыгерлердин үй-бүлөсүндө туулган. Үй-бүлөдө 3 бир тууган. 2002-жылы З.Бабур атындагы орто мектепти бүтүргөн. Ошол эле жылы Ош шаарындагы Кыргыз-өзбек институтунда билим алып баштаган. Ошондой эле Бишкек шаарындагы И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында невропатолог адистиги боюнча окуган.

2010-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунда ординатурада окуган. Андан соң №1 Бишкек шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө иштеген. 2011-жылы жеке менчик клиникада невролог болуп эмгектенген. Учурда Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунда илимий изилдөөчү болуп эмгектенүүдө. Жакын арада «Баш мээнин тамырлары» деген темадагы кандидаттык диссертациясын жактайт.

клин иниси

Н.Бурханжоновдун иниси Бахромжон Бурханжонов дагы агасы негиздеген клиникада иштейт. Ал 1987-жылы 21-июлда туулган. 2003-жылы Х.Абдуллаев атындагы орто мектепти бүтүргөн. Медициналык окуу жайда дарылоо бөлүмүн аяктаган.

Эмгек жолун 2010-жылы Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө терапевт болуп баштаган. 2012-жылы Түркиянын Стамбул шаарында билимин жогорулаткан. 16 өлкөнүн адистеринин арасында өткөн симпозиумга Кыргызстандын атынан катышып, 2018-жылы тамыр аркылуу диагноз коюу жана ралиэстезия боюнча билимин өркүндөткөн. Ошол эле жылы Стамбул шаарында Түркиянын президенти тарабынан уюштурулган эл аралык конференцияга катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×