Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 04.05.2019 10:26 Жаңыланды: 04.05.2019 15:40 На русском

Алайда 2 унаа кагышып, 2 адам мерт кетип, дагы 4 адам ооруканага түштү (сүрөт)

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кечээ, 3-майда Алай районунун Таш-Короо айылында 2 унаа кагышып, 2 адам каза таап, 4 адам ооруканага түштү. Бул тууралуу маалыматты Ош ОИИБден тастыкташты.

Маалыматка караганда, кырсык саат 11:30 чамасында болгон. Анда «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу М.А. (аял киши) Гүлчө айылынан Ош шаарын көздөй келе жатып, башкарууга ээ боло албай калган. Унаа карама-каршы багытта келе жаткан «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Натыйжада «Дэу Матиз» унаасындагы жүргүнчүлөр — Алай районунун тургундары 1937-жылы туулган Р.А. жана 1952-жылы туулган Т.А. алган жаракатынан улам мерт болушту. Ал эми эки унаанын айдоочулары жана 2 жүргүнчү Алай аймактык ооруканасына жеткирилген.
Окуя боюнча Алай РИИБ тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×