Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуКара-Суу району 06.05.2019 10:04

Ош—Бишкек унаа жолундагы 2 айылга жол чырактар орнотулду (сүрөт)

Ош—Бишкек унаа жолу
Ош—Бишкек унаа жолу

Turmush -  Ош—Бишкек унаа жолунун Кара-Суу районуна караштуу Катта-Талдык жана Садырбай айылдарында жол чырактар орнотулду. Бул тууралуу Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын бөлүмүнүн тескөөчүсү Сталбек Макамбаев билдирди.

Анын айтымында, аталган айылдардагы жол чырактар Транспорт жана жол министрлиги тарабынан орнотулган. Алардын сметалык баасы (алдын ала эсептелген чыгымдын суммасы) жалпысынан 315 миң сомду түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×