Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуКара-Суу району 07.05.2019 20:00 На русском

Кара-Сууда 20 жылдык бүтүрүүчүлөр айылына 7 аялдама куруп беришти (сүрөт)

Turmush -  Кара-Суу районунун Маданият айылындагы 20 жылдык бүтүрүүчүлөр оюн-зооктун ордуна аялдама курушту. Бул тууралуу Маданият айылындагы Тешебай Мусаев атындагы орто мектептин 1999-жылдагы бүтүрүүчүсү Нургазы Тезекбаев билдирди.

Анын айтымында, 20 жылдык бүтүрүүчүлөр айылга 7 аялдама орнотуп беришкен.

«Аялдамалар 7 жерге орнотулду. Ага жалпысынан 130 миң сомдун тегерегинде каражат сарпталды. Биз майрам күнү мектепке дагы барбай турган болдук. Аялдамаларды жасоого жалпысынан 29 бүтүрүүчү акча чогултту», - деди Н.Тезекбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×