Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуКара-Суу району 08.05.2019 11:26

Ошто жер чуусуна аралашкан айыл өкмөт башчы акталды

Алмаз Абдукаримов
Алмаз Абдукаримов

Turmush -  Ош шаардык соту мыйзамсыз жер сатууга айыпталып жаткан Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдукаримовду актады. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы өзү аймактык кабарчыга билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаардык соту А.Абдукаримовго карата козголгон кылмыш иши боюнча өкүмдү 5-март күнү чыгарган.

Буга чейин Turmush басылмасы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдукаримов убактылуу кызматынан четтетилгенин жана ага козголгон кылмыш иши Ош шаардык сотунда каралып жатканын жазган.

Ошондой эле А.Абдукаримов менен айыл өкмөттүн жер боюнча адиси жер мыйзамдарын бузууга шектелип, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү тарабынан кармалганы айтылган. Алардын кармалышына 10 адамга жер берүү боюнча токтомго негизсиз кол коюлганы себеп болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×