Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуКара-Суу району 08.05.2019 12:02 На русском

Улуу Жеңишке 74 жыл: 98 жаштагы ардагер А.Абдураимов Башкы штабдын медалы менен сыйланды (сүрөт)

Сыйлоо учурунда
Сыйлоо учурунда

Turmush -  Кара-Суу районунун Мады айылынын тургуну — Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Арзибек Абдураимов медаль менен сыйланды, деп билдирди аймактык кабарчы.

9-май — Жеӊиш күнүнө карата Кыргызстандын түштүгүндөгү аскердик бөлүктөрдүн командирлери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттукташты. Анын алкагында 6-май күнү Ош шаардык №02626 аскер бөлүгүнүн командири Бердибек Асанов согуштун ардагери Арзибек Абдураимовду куттуктап, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын атынан медаль тапшырып, атайын белектерди ыйгарган.

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу А.Абдураимов 98 жашта жана 10 баланын атасы. Учурда 56 небереси, 110 чөбөрөсү жана 5 кыбырасы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×