Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Ош облусуКара-Кулжа району 08.05.2019 14:15 На русском

Улуу Жеңишке 74 жыл: Согушта башына ок тийген Самибай ата Ч.Түлөбердиевди өз көзү менен көргөн (видео, сүрөт)

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Самибай Артыков
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Самибай Артыков

Turmush -  Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүнүн тургуну — Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Самибай Артыков учурда 99 жашка келди. Ал 21 жашында өз каалоосу менен согушка барып, 1944-жылы башына ок тийип, Кыргызстанга жарадар болуп кайткан. Учурда кулагы жакшы укпаганы менен, жазууларды көз айнексиз окуй алат. Аймактык кабарчы анын уулу Тойчибек Артыков менен маектешти.

Тойчибек мырза 9-май — Жеңиш күнүнө карата Самибай атанын уул-кыздары чогулуп, неберелери менен үйгө келип, атасына майрам уюштуруп жатышканын билдирди.

«Биз 16 бир тууганбыз: 7 уул, 9 кыз. Алардын экөө каза болуп калган. Атамдын 79 небереси, 5 чөбөрөсү бар. 21 жашында өз каалоосу менен согушка барып, төрт жолу жарадар болуптур. Үчүнчү жолу жарадар болгондо госпиталдан чыгып, кайра согушка кетип калыптыр. Украина, Ростовдо, Москвада пулемётчу болгон. Өзүнүн айтымында, 1 мүнөттө 250 ок чыгарган пулемёт атчу экен. “Алты командирим болгон. Алар алдыда туруп “За родину”, “За Сталина” деп кыйкырышчу. Согуш майданында атышуу башталганда 100 адамдан онубуз эле калчубуз” деп айтып берген. Чолпонбай Түлөбердиевди көргөнүн айтып калат. Чолпонбай дене түзүлүшү чоң, командирлердин жанында жүрчү экен. Кийин ал дзотко төшүн тозуп, каза болгонун укканда таң калышыптыр. 1943-жылы бир салгылашууда атам пулемётту таштабай, артка чегинбей, атышып жатканда снаряд жарылыптыр. Атам анын чаңынан көрүнбөй калып, душмандар аны таппай калышыптыр. Ошондон кийин атама “Кызыл жылдыз” ордени ыйгарылган», - деди ардагердин уулу Тойчибек Артыков.

Самибай ата 1944-жылы башынан жарадар болуп, согушка жарабай, үйүнө кайтып келген.

«Атам Кара-Кулжа району боюнча алгачкылардан болуп “Кызыл жылдыз” орденин алган. Беш баласын багам деп Алайкууга кетип калган экен. Алайкууда буудай өспөгөндүктөн, Өзгөндөн 30 килограмм буудай сатып алып барганын айтып калат. Учурда айылда Самибай деген эки киши бар. Экөө тең 100 жашка чукулдап калган кишилер. Тамашалап: “балдарыңардын атын Самибай деп койгула, жүзгө чыгышат" деп калабыз», - дейт уулу Тойчибек мырза.

«Кызыл жылдыз» ордени тынчтык жана согуш учурунда СССРди коргоодо жана анын коопсуздугун камсыз кылууда өзгөчөлөнгөндүгү үчүн тапшырылган.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×