Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Чүй облусуЖайыл району 15.05.2019 21:48

Аягыма келип жатып, ошол бойдон ойгонбой калган энеме ыйлаган жокмун, - 95 жаштагы К.Жаманкулов

Turmush -  Кандуу согуштун кесепети эч качан унутулбайт. Себеби, башка союздаш өлкөлөр сыяктуу эле кыргыз жоокерлери да мекен үчүн күрөшүп, кан майданда душман менен салгылашкан. Тилекке каршы, кээ бирөө дайынсыз жоголсо, кээ биринен кара кагаз келди. Бирок, кудайга шүгүр жеңиш менен аман-эсен кайткандар да болгон. Алсак, 18 жашында кан майданга аттанган Кошкоро Жаманкулов 3 жыл согушта жүрүп, кийин эл-жерине кайтып келген. Ал ушул тапта Суусамыр айыл аймагындагы Кайсар айылында жашаган жалгыз ардагер. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Кошкоро ата 1924-жылы туулган. Кичинесинен билимге умтулган жаш жигит келечекте мугалим болууну самаган. Бирок капыстан тутанган Улуу Ата Мекендик согуш башкалардыкы сыяктуу эле анын да ой-тилегин ойрон кылып, жашоосун өзгөрткөн. Анткени, 1942-жылы өз каалоосу менен согушка аттанып, 3 жыл фронтто жүргөн. Кетеринде чоң энеси Секи атактуу балбан Кожомкулдан бата алып берип узаткан.

«Чоң энем салт билген мыкты байбиче эле. Мен согушка аттанарда Кожомкул балбанга барып, ''балама ак батаңды бер'' деп кымыз куюлган кесени сунуп, бата сурап берген. Мен үчүн күйпөлөктөгөн чоң энемдин элеси азыр дагы эсимден кетпейт. Себеби, атам тогуз жашымда каза болуп, азадан арылбаган энем мени медер тутса керек. Кожомкул кийин келип да мени сурап турчу экен. Ошондо энем ''өз балам Боронбай менен неберем Кошкоро аман келсе менде арман жок'' дептир. Себеби, өзүнүн дагы бир баласы согушка кетип кайтпай калган эле. Энемдин тилеги орундалып, Боронбай байкем экөөбүз аман келдик. Ошондогу энемдин кубанычын көргөн Кожомкул ''тилегин кабыл болду, эми небереңдин тоюн да көр'' дейт. Энем дагы "мен ушул күндү күткөм. Анткени мен кудайга сөз берип койгом. Үчүнчү кубанычка силер күбө болгула" деп жооп бериптир. Ошентип, кагылайын энем эртеси эртең менен менин аягыма келип жаткан бойдон ойгонгон жок. Эжелерим бар эле, турсам алар ыйлап жатыптыр. Мен эмнегедир ыйлай алган жокмун. Азыр да өкүнөм, мен эмне үчүн энеме көз жаш кыла албадым дейм. Билбейм, же өлүмдү көп көрүп, мага таасир бербей калса керек», - деди ал.

Ошентип Кошкоро Жаманкулов 234-аткычтар полкундагы минометтук ротада кызмат өтөгөн. Ленинградды коргоого катышып, Латвия, Литва, Белоруссияда кан кечкен. Беш жолу жарадар болгонуна карабай согуш бүткөнчө майдандан кеткен эмес. Жеңиш жөнүндө сүйүнүчтүү кабарды Латвиядан уккан.

«Ленинграддагы фронт өтө катуу кагылыштары менен эсте калды.Латвия менен Литвадагы фронт деле андан кем эмес. Алардагы ар бир күн айтып берсем, өмүрүм жетпейт. Күнү-түнү миномет атып, кээде колум карышып калган учурлар болду. Тынымсыз аткылоодон куралыбыз мештей ысып чыгар эле. Бир жолу колум күйүп, сыйрылып түштү. Аткылай берип, колумдун күйгөнүн деле байкабаптырмын. Командирим Гиселев деген киши эле. Абалымды көрүп, бир сутка эс алууга убакыт берди. Ошол бир суткалык убакыт мен үчүн бир жылга тете эле да. Себеби, миномет өтө оор болот, көтөрүп жүрүшүң эле кыйынчылык туудурат. Мындан тышкары анын бир жерин эле туура эмес кылып койсоң, ордунан жарылып кетет. Кыскасы жан кылдын учунда. Өлүмдү көп көрдүм, досторумдан айрылдым. Андагы ачкачылыктан кырылып жаткан карапайым калкты эстесем жүрөгүм ооруп кетет. Андыктан айтарым, согуш болбосун. Эл ичинде ынтымак болуп, дүйнө ынтымакта өнүксүн», - дейт ал.

Кошкоро Жаманкулов эл-жерине болгон кусалыгы жеңиш менен акталып, 1945-жылы мекенине аман-эсен кайтып келет. Көрсөткөн эрдиктери бааланып, эки жолу биринчи жана экинчи даражадагы «Улуу Ата Мекендик согуш» ордендери, Г.К.Жуков атындагы, Фашисттик Германияны женгендиги үчүн жана башка көптөгөн юбилейлик медалдар менен сыйланган.

Учурда Кошкоро атанын 28 небереси, 27 чөбөрөсү бар.

«Согуштан кийин мектепте мугалим болуп иштедим. Андан кийин колхоздо мал багып жүрүп, ардактуу эс алууга чыктым. 2-топтогу майып экениме карабай коомдук иштерге активдүү катышып, көп иштерди жасадым. Байбичем Чуйту экөөбүз сегиз уул-кызды тарбиялап өстүрдүк», - деди каарман Кошкоро Жаманкулов.

Байбичеси Чуйту 10 жыл мурун бул дүйнө менен кош айтышкан. Кошкоро атанын жашоодогу жалгыз арманы — байбичесин эстеп, көп кейийт. Акыркы мезгилдерде көзүнүн көрүүсү да начарлап, карылыкка алдырып барат. Бирок жашоосуна дайыма каниет кылып жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×