Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуНоокат району 13.05.2019 09:38 На русском

Ноокатта Социалисттик эмгектин баатыры Токтобай Атабаевдин айкели орнотулду (сүрөт)

Т.Атабаевдин Ноокаттагы эстелиги
Т.Атабаевдин Ноокаттагы эстелиги

Turmush -  Ноокат шаарында Социалисттик эмгектин баатыры, геолог Токтобай Атабаевдин эстелиги орнотулду, деп билдиришти Ноокат шаардык мэриясынан.

Анын 8-майдагы салтанаттуу ачылыш аземине өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Давранбек Маматалиев, Ноокат шаарынын мэри Жоомарт Нурдинов жана Ноокат районунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Абдибаит Тажибаев, райондун казысы, Токтобай Атабаевдин уул-кыздары жана неберелери, санаалаштары келишкен.

Алгач Т.Атабаевге багышталып куран окулуп, көчөт отургузулган. Андан соң иш-чарага катышкан коноктор Токтобай Атабаевди эскеришип, сөз сүйлөштү.

Буга чейин Turmush басылмасы Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Коңорчок айылында геолог, Социалисттик эмгектин баатыры Токтобай Атабаевдин айкели тургузулганын жазган.

Токтобай Атабаев — бургулоочу, геолог. Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Коңорчок айылында туулган. Ташкент шаарындагы Геологиялык чалгындоо техникумун бүтүргөн.

- 1950-жылы — Кыргыз ССРнин Геология башкармалыгынын Түштүк Кыргызстан геология экспедициясында жумушчу, бургулоочу;

- 1973-жылы — Геологиялык партияда бургулоо жумуштары боюнча участоктун башчысы;

- 1975-80-жылдары — Терекан геология чалгындоо партиясынын башкы инженери, жетекчиси;

- 1980-81-жылдары — Чаткал геология экспедициясынын башкы инженери;

- 1981-1990-жылдары — Улуу-Тоо геологиялык партиясынын башчысы;

1990-95-жылдары — Түштүк Кыргызстандын геология экспедициясынын жетекчисинин чарбалык иштер боюнча орун басары;

- 1995-жылы — «Жылкы» базасынын директору.

Ленин, Октябрь революциясы, «Ардак белги» ордендери менен сыйланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×