Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуКара-Суу району 13.05.2019 10:13

Кызыл-Кыштактагы чыр: Айыл өкмөт башчы менен 2 тургундун ортосундагы сот иштери убактылуу токтотулду

Орозакан Токторалиева и Гүлнара Мирзакеримова, Ноокенский район
Орозакан Токторалиева и Гүлнара Мирзакеримова, Ноокенский район

Turmush -  Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаровдун аталган айыл өкмөттүн тургундары — Орозокан Токторалиева менен Гүлнара Мырзакеримовага карата доосуна байланышкан сот иштери убактылуу токтотулду. Бул тууралуу маалыматты аймактык кабарчы тактады.

Шарабидин Капаров өзү сот иштери эмне себептен токтотулганын ачыктаган жок. Анын айтымында, сот иштери уланышы же токтотулушу да мүмкүн.

Буга чейин Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Капаров Орозокан Токторалиева менен Гүлнара Мырзакеримованы сотко берип, 1,5 млн сом компенсация талап кылган.

Кийинчерээк аталган эки аял АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндөгү көйгөйлөрдү чечүү үчүн бийлик өкүлдөрүнүн кайдыгер болуп жаткандыгын айтышып, Бишкек шаарына жөө жөнөп кетишкен. Ш.Капаров аялдардын бул аракети соттук отурумдан кутулуунун айласы экенин айткан.

Бирок нааразы тарап Жалал-Абад облусунун бир айылына жеткенде кайра артка кайтышкан. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбек кызынын айтымында, кара-суулук 2 аял айыл өкмөт башчысы менен элдешип, үйлөрүнө кайтып келишкен.

«Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин тапшырмасына ылайык, Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов Алишер аттуу жергиликтүү тургунду жөнөтүп, эки аялды артка, үйлөрүнө алып келишти. Айыл өкмөт башчысы соттошуп жаткан аялдарды кечиргенин билдирди», - деген Н.Кадырбек кызы.

Орозокан Токторалиева жана Гүлнара Мырзакеримова Россиянын президенти Владимир Путинге дагы кайрылуу жасашып, бирок кийин ал кайрылуудан баш тартышкан.

Буга чейин Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндө жер тилкелер мыйзамсыз сатылып жатканы боюнча бир нече жолу айтылган. Бирок бул сөздөрдү айыл өкмөт башчысы Шарабидин Капаров четке кагып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×