Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуНоокат району 13.05.2019 16:41

Ноокатта 20 жылдык бүтүрүүчүлөр мектепке отургуч жасатып, видеокөзөмөл орнотуп беришти (сүрөт)

"Чечме-Сай" орто мектеби
"Чечме-Сай" орто мектеби

Turmush -  Ноокат районуна караштуу Кара-Таш айыл өкмөтүнүн «Чечме-Сай» орто мектебинин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү мектепке отургучтарды жасатып беришти. Бул тууралуу аталган мектептин директору Артыккан Алиева аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, бүтүрүүчүлөр буга чейин мектепке эмес, мугалимдерге гана белек берип келишкен.

«Мектеп жаңы курулгандыктан отургучтарга муктаж болчубуз. Мектепте жалпысынан 449 окуучу бар, алар эки нөөмөттө окушат. Жаан жааганда же танапис убагында балдар эшикке чыга албай кыйналышат. Жаз айларында да күн ысык болгондуктан эс алып отурганга жер жок. Быйыл 20 жылдык бүтүрүүчүлөр 4 отургуч жасатып беришти. Аны 25-майга чейин орнотуп беришет. Ал эми ушул эле бүтүрүүчүлөрдүн арасындагы жеке ишкер мектепке 8 даана видеокамера орнотуп берди. Алар мектептин коридоруна, кире беришине жана артына орнотулган. Эки жыл мурунку 20 жылдык бүтүрүүчүлөр мектепке 4-5 метр болгон тосмолорду орнотуп беришкен», - деди Артыккан Алиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×