Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуКара-Суу району 13.05.2019 23:33

Видео, сүрөт: Оштогу өрт учурунда 1 адам жабыркап, жалын 7 үйдү каптады

Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Turmush -  Оштун Кара-Суу районундагы Ибн Сина көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан өрт толук өчүрүлдү. Өрт өчүрүүчү кызматкер жаракат алып, ооруканага жеткирилгенин аймактык кабарчы билдирди.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн маалыматы боюнча, иш учурунда өрт өчүрүүчү кызматкер шатыдан кулап кетип, милиция кызматкерлери жабырлануучуну ооруканага жеткиришкен.

ӨКМдин өрткө каршы күрөшүү бөлүмүнүн маалыматы боюнча, окуянын себебин тактоо иштери жүрүп жатат. Өрт өчүрүүчүлөр 4 үй жабыркаганын айтса, жергиликтүү тургундар жалын 7 үйдү каптаганын айтууда. Өрт тууралуу маалымат саат 20:30 чамасында түшүп, саат 21:20 чамасында чектөөгө алынган.

ӨКМдин 14-майда берген маалыматына караганда, жалпы 4 үйдүн чатыры күйгөн. Биринчи үйдүн 64 чарчы метр чатыры, экинчи үйдүн 200 чарчы метр чатыры, үчүнчү үйдүн 200 чарчы метр чатыры жана төртүнчү үйдүн 165 чарчы метр чатыры күйгөн. Жалпысынан 4 үйдүн 629 чарчы метр жыгач устундуу тунуке жабылган чатырлары күйгөн. Кырсык электр шаймандарын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушунан улам келип чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×