Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ош облусу, Ош 14.05.2019 17:27

Ошто ипотекалык 9 кабаттуу үйдү курууга тендер жарыяланды

Ипотекалык көп кабаттуу үйдүн долбоору
Ипотекалык көп кабаттуу үйдүн долбоору

Turmush -  Ош шаардык мэриясы ипотекалык 9 кабаттуу үйдү кууру үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда шаардык кеңештин 20-сессиясында Ош шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык ипотекалык ишканасынын жетекчиси Кутманаалы Абдрахман уулу депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

«Жыйынга келердин алдында тендер жарыяладык. Учурда 287 млн сом чогулган. Тендердин жыйынтыгы 20 күндүн ичинде чыгарылат», - деди Кутманаалы Абдрахман уулу.

Буга чейин Turmush басылмасы Ош шаарында мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлер үчүн ипотекалык 9 кабаттуу үйдүн долбоору даярдалып, атайын комиссияга жөнөтүлгөнүн жазган.

Кутманаалы Абдрахмановдун айтымында, көп кабаттуу үй бардык шарттары менен курулат.

«9 кабаттуу үйдө 80 батир болот. Анын 50 пайызы 2 бөлмөлүү, 30 пайызы бир бөлмөлүү, 20 пайызы 3 бөлмөлүү болуп курулат. Аталган үй буга чейин ипотекалык үйлөрдү сатуудан келип түшкөн каражатка курула турган болду. Учурда долбоору толугу менен даярдалып бүттү. 10-майга чейин тендер жарыяланат.

Тендердин талабы — 1 чарчы метр 320 доллардан ашпаш керек. Азыр сметалык баасы аныктала элек. Үй алуучуларга 6 пайыздык үстөк менен 12 жылга берилет», - деген К.Абдрахманов.

Көп кабаттуу үй 28 сотых жерге курулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×