Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАраван району 15.05.2019 08:22

Жылдын алгачкы түшүмү: Аравандык Икрам Халматов 8 сотых жеринен 2,5 тонна картошка жыйнады. Видео

Turmush -  Араван районунун Маданият айылынын 60 жаштагы тургуну Икрам Халматов 5-май күнү 8 сотых жеринен 2,5 тонна картошка казып алды. Бул тууралуу Маданият айылынын тургуну Канат Зулумов аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, дыйкан Икрам Халматов картошканын тез жетилген леверия сортун өстүргөн. Ал айдоо жерине 2 жылда бир жолу малдын кыгын төгүп турат.

Дыйкан казган картошкасын 2 сортко бөлүп, 1-сорттогу картошкасын 35 сомдон, 2-сорттогу картошкасын 27 сомдон сатты.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×