Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусу, Ош 15.05.2019 18:33 На русском

Ошто «Ардактуу атуул» наамына сойкукана, кумаркана иштеткен адам көрсөтүлдүбү? (видео)

Ош шаардык кеңешинин 20-сессиясы
Ош шаардык кеңешинин 20-сессиясы

Turmush -  Кечээ, 14-майда өткөн Ош шаардык кеңешинин 20-сессиясында 16 маселе каралган. Алардын бири — Ош шаарынын «Ардактуу атуулу» наамына талапкерлерди тандоо болду. Шаардык кеңеш аталган маселени жабык эшик артында караган жана «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу маселеси кийинки сессияга калтырылганы белгилүү болду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Шаардык кеңештин депутаты Сейиткасым Курбаназаровдун айтымында, Ош шаарынын «Ардактуу атуулу» наамына көрсөтүлгөн талапкерлердин арасында көмүскө иштеп жаткан кумаркана болушу мүмкүн деген жайдын ээсинин аты бар. Депутат көмүскө кумаркана делген жайдын ээси Ош шаарынын «Масалиев көчөсүндөгү "сойкукана болушу мүмкүн" делген мейманкананын дагы ээси» деп укканын айтты.

«Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан эки маалыматка көзүм түшүп калды. Алардын бирөөсү — Масалиев көчөсүндө жайгашкан мейманкана "сойкукана" деп шек жараткандыгы, экинчиси — 13-май күнү журналисттер сабалган жерде "кумаркана" деп шек жараткан мейманкана. Менин билишимче, бул эки мейманкананын ээси бир эле адам. Ал адамга шаардын "Ардактуу атуулу" наамын ыйгарууга депутаттардын моралдык жактан укугу жок», - деди Сейиткасым Курбаназаров.

Депутаттын айтымында, аталган наамга 16 адам көрсөтүлгөн. Ал эми саясий серепчи Төлөгөн Келдибаев «Ардактуу атуул» наамына көмүскө көп иштерди жасап жаткан олигархтар гана көрсөтүлүп жатканына кейиди.

«Бул наамдын кереги деле жок. Аны кайсы бир жаранга ыйгаруу такыр башкача нукта жүрүп жатат. Ал наам жалаң бийликке жагынган, көмүскө сойкукана, кумаркана иштеткен, чиновниктердин аркасы менен көп иштерди бүтүргөн адамдарга берилип калды. Ал адамдар саясий чөйрөдө өздөрүнүн калыс пикирин айта алышпайт. Мына ушундай адамдар аталган наамга көрсөтүлүп жатышат. Мен ал наамга кимдер көрсөтүлгөнүн билбейм, бирок баары татыктуу эмес», - деди Төлөгөн Келдибаев.

Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, «Ардактуу атуул» наамына талапкерлерди шаардагы аймактык кеңештер, мекеме-ишканалар жана шаардык кеңештин депутаттары сунуштай алышат.

Аталган наам Ош шаарында 2 жылдан бери берилбей келет.


Буга чейин Turmush басылмасы Ош шаардык кеңешинин 20-сессиясында депутат Рысбек Турдуев милиция кызматкерлерин сынга алганын жазган.

«Кечээ журналисттер көмүскө иштеп жаткан кумаркананы аныкташты. Анан ал жерде бир жигит акчасын уттуруп жатса, силер экспертизадан кийин белгилүү болот дейсиңер. Акча уттуруп жатканы өзү эле экспертиза», - деген Р.Турдуев.

Ал эми Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов милиция кызматкерлери ал жайга (көмүскө иштеп жаткан кумаркана) өздөрү кызыкдар экенин айткан.

«Алар баарын билишет. Баарын мыйзамга байлап коюшкан. Ушул иштерге алар өздөрү кызыкдар. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Муратбек Бороновдон сурадым, ал бул иштерди калкалабай турганын айтты. Катуу чара көрөрүн билдирди. Менин кумаркана ээлери менен аласа-бересем жок», - деген мэр.

Кийинчерээк милиция кызматы көмүскө иштеп жаткан кумарканаларды текшерүү Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын ыйгарым укугу экени тууралуу билдирүү жасашкан.

«Президенттин 2016-жылдын 18-майындагы №161-жарлыгында укук коргоо органдарынын системасын реформалоо жөнүндө айтылган. Анда укук коргоо органдарынын милдеттери бөлүштүрүлгөн. Жарлыкка ылайык экономикалык жана финансылык кылмыштарды, жашыруун кумарканаларды аныктоо Экономикалык кылмыштуулуккка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын ыйгарым укуктарына кирет», - деп айтылат билдирүүдө.

Turmush басылмасы Ош шаарынын А.Навои көчөсүндөгү «Де люкс» конок үйүндө кумаркана деп шек жараткан жайдын күзөтчүлөрү журналисттерге кол салганын жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×