Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусу, Ош 15.05.2019 19:05

Тажикстан чек арадан кармалган 2 кыргызстандык жаранды кайтарып берди

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 15-майда Ош облусу менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Эки өлкөнүн чек арачылары кыргыз тарапка тажикстандык чек арачылар тарабынан кармалган Кыргызстандын 2 жаранын өткөрүп берүү маселесин талкуулашты. Анын натыйжасында 10-май күнү Тажикстандын аймагынан кармалган Кыргызстандын 2 жараны бүгүн кыргызстандык чек арачыларга өткөрүлүп берилди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Кыргызстандын 2 жараны 10-май күнү мамлекеттик кыргыз-тажик чек арасынан «Карамык — унаа жолу» өткөрүү пункту аркылуу тажик тарапка өтүшүп, мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөндүктөрү үчүн Тажикстандын аймагынан кармалышкан.

Учурда аталган факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×