Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ош облусу, Ош 16.05.2019 09:55

Ош шаарындагы борбордук базар көчүрүлөт

Ош шаары
Ош шаары

Turmush -  Ош шаарындагы борбордук базар Жапалак айылына көчүрүлөт. Бул тууралуу 14-майда өткөн Ош шаардык кеңешинин 20-сессиясында белгилүү болду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашевдин айтымында, борбордук базарды көчүрүүгө 45 гектар жерди бөлүп берүү каралып жатат. Ошондой эле Курманжан датка көчөсү менен Г.Айтиев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан гүл базар дагы көчүрүлүшү мүмкүн.

«Гүл базар алынышы мүмкүн. Анткени гүл алганы келгендер ал жерде унаа тыгынын жаратып жатышат. Ошондой эле борбордук базарды шаардын четине жылдыруу боюнча иштер жүрүп жатат. Учурда Жапалак айылындагы 45 гектар жер каралууда, бирок ал жер трансформация боло элек. Бул маселе өкмөттүк деңгээлде чечилет», - деди мэр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×