Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Ош облусу, Ош 18.05.2019 16:56 На русском

«Экс-президенттин элеси»: А.Мурзакметов чогулткан 2 миң 700 төш белгинин эң кымбаты канча доллар? Видео

Абдымиталип Мурзакметовдун коллекциясы
Абдымиталип Мурзакметовдун коллекциясы

Turmush -  Тарых илимдеринин кандидаты, этнограф Абдымиталип Мурзакметов «Кут дүйнө» аталышындагы көргөзмөсүндө 30 жылдан ашык чогулткан төш белгилерин көрсөттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Этнографтын айтымында, ал жалпысынан 2 миң 700дөн ашуун төш белги чогулткан.

«Студент кезимден эле төш белги чогулта баштадым. Алардын дээрлик бардыгын сатып алып, чогулткам. Бул ишке кызыккандар жокко эсе. Мен мындай төш белги чогулткан адамдарды Кыргызстандын түштүк аймагынан таппай жүрөм. Бала кезимен эле атам бир нерсе чогултканга шыктандырган десем болот. Себеби апам экөө үйгө сувенирлерди алып келишчү. Ар бир эле адам бир нерсе чогултканга кызыгат. Айрымдар чүкө чогултса, айрымдары түрдүү кагаздарды чогултушат. Эң кымбат төш белгини 10 долларга Швейцариядан сатып алгам. Ал жакта мындай нерсеге кызыккандар көп. Швейцарияда эң арзан төш белги 5 доллардан баштап сатылат», - деди ал.

Көргөзмөдө эск-президент А.Акаевдин сүрөтү түшүрүлгөн төш белги да коюлду.

«Аскар Акаевдин сүрөтү бар төш белгини ал шайлоого аттанганда таратышкан. Анда экс-президент "Элим менен - элим үчүн!" деген ураан менен чыккан», - дейт А.Мурзакметов.

Ошондой эле көзгөзмөгө коюлган төш белгилердин арасынан музыка аспаптарынын, мультфильм жана тасмалардагы каармандардын сүрөттөрүн көрүүгө болот. 19 кылымга таандык төш белгилер дагы бар.

«Музыкалык аспаптардын төш белгилер и маданият кызматкерлерине берилчү. Мауглинин значогу мультфильм абдан таанымал болгон учурда чыгарылган. Бул тарых десек болот. Россиянын ар бир шаарынын значогу бар. Шаарларды таанытуу үчүн ушундай аракеттерди көрүшкөн. Бирок бизде Оштун төш белгисин эч жерден таппайсың. Биз өзүбүздүн өлкөбүздү таанытуу үчүн ушундай аракеттерди көрүшүбүз керек», - деди фалерист мырза.

Коллекционер Абдымиталип Мурзакметов төш белгиден тышкары 5 миң 500дөн ашык китеп, 10 миңден ашуун ар кандай куттуктоо баракчаларын чогулткан.

Медаль, орден, төш белгилерди чогулткан адамдарды фалерист деп аташат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×