Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ош облусуКара-Суу району 20.05.2019 15:45

Кара-Сууда өзбекстандык адамдар менен спорттук мелдештер өттү

Turmush -  18-майда Кара-Суу районунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген өзбекстандык адамдар менен Кара-Суудагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер коомунун мүчөлөрүнүн арасында спорттук мелдештер өттү. Бул тууралуу Кара-Суу райондук спорт комитетинин төрагасы Заирбек Эшмаматов билдирди

Анын айтымында, мелдешке Өзбекстандын Андижан облусунан 10 спортчу катышкан.

«Алар спорттун 5 түрү — шахмат, шашки, гиря көтөрүү, шакекчени бел менен айлантуу, кол күрөш боюнча таймашты. Жыйынтыгында шахмат боюнча Өзбекстандын командасы жеңүүчү болду. Калган спорттун түрү боюнча тең чыгышты. Мелдештин алдында марафон уюштурулду. Ага райондогу мекеме-ишканалардын жетекчилери, жеке ишкерлер катышкан. Марафондон түшкөн акча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жумшалат», - деди Эшмаматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×