Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Нарын облусуЖумгал району 20.05.2019 18:34

Жумгалдын кыштоолорун байырлаган «кенгуру» чычкандар. Видео

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн кыштоосун байырлаган кош аяк чычкандар бар. Бул тууралуу айыл тургуну Гүлзат Аскарбекова билдирди.

Ал кыштоодон мындай чычкандарды көп кездештирет. Анын куйругунун узуну 10 см, өзү 5-6 см болуп, кенгуруга окшош. Кээ бирлеринде алдыңкы буттары көрүнсө, көбүнүкү көрүнбөйт.

«Мен бир жумадай аңдып жүрүп, видеого араң тарттым. Негизи кыштоодо, тоолордо абдан көп. Алардын көбү сокур чычкандардай жер казып жүрүшөт. Кээ бирөөлөр аларды кенгуру чычкан деп коюшат, ага аябай окшош», - деди ал.

Кош аяктуулар — сүт эмүүчү кемирүүчүлөрдүн отрядындагы топ. Палеарктиканын жарым чөл жана чөлдөрдө, аталган географиялык ландшафттын белгилүү бир шарттарына ылайыкташып байырлашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×