Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ош облусуЧоң-Алай району 21.05.2019 09:54 На русском

Айыл турмушу: Чоң-алайлык М.Мурзабаев жыл сайын картошка эгип, 50 тоннадан ашык түшүм алат. Видео

Мамасадык Мурзабаев
Мамасадык Мурзабаев

Turmush -  Чоң-Алай районунун Жар-Башы айылынын 49 жаштагы тургуну Мамасадык Мурзабаев жыл сайын 1,5 гектар жеринен 50 тоннадан ашык картошка алат. Аны менен аймактык кабарчы баарлашты.

Мамасадык мырза картошканы жер төлөдө 1 жыл сактайт.

«Чоң-Алайда кирешенин негизги булагы малчылык менен дыйканчылык болгондуктан, элдин басымдуу бөлүгү картошка эгет. Картошканын түшүмүн жер төлөдө сактайбыз. Жер төлө куруу үчүн орточо эсеп менен 20 миң сомдон 60 миң сомго чейин каражат кетет. Мисалы, мен 17 жыл мурун трактор менен жер каздырып, туурасы 3,5 метр, узуну 11 метр, бийиктиги 4 метр болгон жер төлө курдургам. Анын ичине 50 тоннадан ашык картошка сактаса болот. Жердин астында сакталган картошка 1 жыл турса дагы жакшы сакталат. Анткени жер төлөнүн ичи жазында салкын, кышында жылуу болот. Картошканы бийиктигин 1,5 метр кылып төгүп салабыз. Аны Ошко, Өзбекстанга жана Тажикстанга сатабыз. Былтыр картошка арзан болуп, дыйкандардын чыгымын актаса да ага кеткен убакыт, мээнет акталбай, киреше азыраак болуп калды», - дейт Мамасадык Мурзабаев.

Ал быйыл чет өлкөдөн алынып келген картошканын үрөндөрүн эгүүдө.

«Быйыл картошканын 10 тоннасын 5-6 сомдон сатып, калган 20 тоннасын 11 сомдон саттым. Картошканы Ошко алып барып сатканда чыгым көп болуп, пайда аз болуп калат. Буюрса быйыл дагы картошка эгүүгө даярданып, жаңы үрөндөн 11 тонна алганбыз. Голландиянын "элита” жана Германиянын “агаве” деген сортторун алдырдык. Анткени алар орточо 90-100 күндө бышып, жетилет», - дейт дыйкан.

Мамасадык мырза үй-бүлөлүү, 4 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×