Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ош облусу, Ош 21.05.2019 17:23 На русском

«Жарака бар»: Ошто көп кабаттуу үй мыйзамсыз курулуп жаткан (сүрөт)

Ош шаары
Ош шаары

Turmush -  Ош шаарындагы А.Масалиев проспектисинде курулуп жаткан көп кабаттуу үй мыйзамсыз курулуп жаткандыгы белгилүү болду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Мэриядан курулуш компаниясынын электр булагы өчүрүлүп, аларга курулушту токтотуу боюнча эскертүүлөр берилгенин билдиришти. Бирок жергиликтүү тургундардын айтымында, андан эч кандай майнап чыккан эмес.

Көп кабаттуу үйдү «Евростиль» компаниясы куруп жатат. Экотехинспекциянын Ош шаардык аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Мелис Адиев жоопкерчилик сот аткаруучуларда экенин айтты.

«Бул курулуш мыйзамсыз курулуп жатат. Анткени архитектуралык документтери жок. 2018-жылы чогулган материалдарды Ош шаардык сотуна өткөрүп бергенбиз. Шаардык сот курулуш компаниясына 200 миң сом айып салган. Кийинчерээк алар (үйдү куруп жаткан компаниянын өкүлдөрү) облустук сотко кайрылышты. Анда дагы соттун чечими биздин пайдабызга чечилди. Учурда 200 миң сом айып пулду төлөшө элек», - дейт М.Адиев.

Ал эми «Евростиль» курулуш компаниясынын юристи Сагынбек Чымынов учурда көп кабаттуу үйдүн мыйзамдуу же мыйзамсыз курулуп жатканы белгисиз экенин, ал боюнча иш Жогорку сотто каралып жатканын билдирди.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, көп кабаттуу үйдүн мыйзамсыз экени алар президентке кат жазгандан кийин ачыкка чыккан.

«Курулуш иштери башталып жатканда жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү кайда жүрүштү эле? Биз президентке кат жазгандан кийин текшерип калышты», - дейт шаар тургуну Гүлмира Исабаева.

Буга чейин тургундар курулуш иштеринин айынан алардын тынчы бузулуп жатканын айтып чыгышкан. Дагы бир шаар тургуну Ирина Тентиеванын айтымында, жергиликтүү бийлик көп кабаттуу үй боюнча президентке кат жазылгандан кийин гана реакция кылган.

«Көп кабаттуу үйдүн курулуп башталганына бир жыл болду. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө кайрылып, ал тургай президентке кат жолдогонбуз. Президент катты кайра мэрияга жөнөтүптүр. Бул жерге "көп кабаттуу үй курууга болбойт" деп жазылган. Анткени "тектоникалык жарака бар" деп жатышат. Бирок ага карабай үй курулуп жатат», - деди И.Тентиева.

Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Алтынбек Токошев да үйдү салып жаткан курулуш компаниясына эч кандай уруксат берилбегендигин белгиледи.

«Евростиль» курулуш компаниясы бизге эскиздик долбоорлору менен кайрылышкан. Маселе шаар куруу кеңешинде да каралган. Жыйында ал жерде тектоникалык жарака бар болгондуктан, курулуш компаниясына 7-8 пунктан турган талаптар коюлган. Мисалы, алгач тиешелүү документтерди алуу деген сыяктуу. Бирок учурда бир дагы талап аткарылган эмес. Курулуш иштерин токтотуу үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз», - деди А.Токошев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×