Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Ош облусу, Ош 22.05.2019 16:20 На русском

«Кызын куткарып жатсак, атасы күлүп»: Июнь окуясына күбө болгон Х.Хамидова (сүрөт)

Куткаруучу Хапиза Хамидова
Куткаруучу Хапиза Хамидова

Turmush -  34 жаштагы Хапиза Хамидова 10 жылдан бери Ош шаардык куткаруу кызматында куткаруучу-фельдшер болуп эмгектенет. Ал аймактык кабарчы менен жумушундагы күлкүлүү жана жүрөк өйүткөн окуялар тууралуу маектешти.

Хапиза айым алгач И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында окуп, кардиохирург болгусу келген. Бирок шартка байланыштуу медициналык окуу жайда билим алган. Аталган окуу жайды бүтүргөн соң жогорку окуу жайда биология факультетин артыкчылык диплом менен аяктаган. Анын айтымында, атасы ооруп калганда аны медициналык академияда окута албай калганына өкүнгөн.

«Үй-бүлөдө бир туугандарым да, жолдошум да аскер кызматкери болгондуктан 5 жыл өз кесибим боюнча иштеп, андан соң куткаруучу кызматына келдим. Алгач физикалык жактан машыгып, ар кандай кырдаалдан чыгуу боюнча даярдыктан өтсөк, кийин кесиптештерим башынан өткөргөн окуяларын айтып беришип, психологиялык жактан даярдашты. "Адамдын денеси жол кырсыгынан жанчылып калат, кээде өмүрүн сактай албай каласың, андай учурларда өзүңдү жоготпо, шашпай, өз милдетиңди так аткар" деп кеңештерин беришкен. Бул жумушка 2007-жылы орношком», - деди Хапиза айым.

куттт

Ал 2010-жылы июнь окуясына күбө болуп, адамдардын өмүрү үчүн күрөшкөн.

«Түнкү саат 2:00 чамасында чакыруу түштү. Ошол күндөрү бир секунд дагы тынган жокпуз. Ок атылып жатканына карабай чакырууларга барып жаттык. 13-июнь күнү саат 10:00 чамасында Ак-Буура дарыясынан бир кызды чыгара албай жатабыз деген чакыруу түштү. Ал жерге барып, суудан 18-19 жаштагы кызды чыгардык. Жасалма дем алдыруу жасадым, бирок кеч болуп калыптыр. Бутум шалдырап, зээним кейип эле отуруп калдым. Мындай окуялар күнүгө кайталанып жатты. Жумушка жаңы орношкондор адамдардын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн көрүп, стресс болушту. Анан көбү жумуштан кетишти», - деп эскерет куткаруучу айым.

Анын айтымында, айрым адамдар куткаруучуларды «убагында куткара албай калдың» же «дем алып жатпады беле» деп да айыпташат. Суудан баласын куткарып, ата-энесинин колуна тирүү өткөрүп беришкенде, ата-эненин кубанычынан өткөн бакыт жок дейт куткаруучу. Анын жумушунда кээде кызыктуу окуялар дагы болуп турат.

«Бир жолу “кызымдын башына горшок кийилип калды" деген чакыруу келип түштү. Барсак кичинекей кыз ойноп жатып, башына отургучка окшогон горшок кийип алыптыр. Кыздын атасы күлүп жатса, кызы ыйлап жатты. Анан кичинекей араа менен горшокту кесип, кыздын башынан чыгарып бергенбиз. Кызды көрүп, өзүбүз да ичибизден күлүп жаттык», - дейт Хапиза айым.

кут

Бирок ал мындай күлкүлүү учурлар кээде гана болоорун билдирди. Бир ирет алар үйүнүн ичине кире албай калган 6-класстын окуучусун куткарышкан.

«Эшикти ачып, үйгө киргенде аялдын жансыз денесин көрдүк. Баланы сыртка чыгардык. Ал баланын чаңырып ыйлаганы дале кулагымда турат. Бала баарыбызга кайрылып, "тирилтип бергиле, аракет кылгылачы" деп ыйлап жатты. Көрсө каза болгон аял анын таежеси экен. Баланын ата-энеси башка жакта иштеп жүрүшкөндүктөн, бала таежесинин колунда экен. Ата-энесине телефон чалып, абалды түшүндүрдүк. Ага чейин милиция кызматкерлери да келишти. Милдетибизди аткарып, кетип жатканда баланын көзүнөн чочулоо, жардам суроо сезимдерин көрдүм. Аны айла жок милиция кызматкерлерине өткөрүп бергенбиз», - деди куткаруучу айым.

Хапиза Хамидова Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну. Учурда үй-бүлөсү менен Ош шаарында жашашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×