Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ош облусуАраван району 23.05.2019 16:16 На русском

Араванда суу талашкан дыйкандардын көйгөйү чечилди. Видео

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Араван районунун Чек-Абад айыл өкмөтүнө караштуу Көчүбаев айылында дыйкандар койгон талаптын негизинде узундугу 270 метр болгон ички арыктар бетондолду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Чек-Абад айыл өкмөтүнүн башчысы Рафытжан Эргешовдун айтымында, буга чейин сугат суу 14 гектар жерге гана жетип келген болсо, эми 160 гектар жерге суу жеткирилмей болду.

«Негизи сугат суу 14,5 км алыстагы Кыргыз арык каналынан келет. Эми сугат суу маселеси чечилип, ички арыктарды бетондоо иштеринин алкагында айылдын жогору жагындагы Бабахарасан каналынан суу тартылган. Чек-Абад айыл өкмөтүндөгү дыйкандардын басымдуу бөлүгү пахта эгишет жана июнь айларында сугат суу тартыш болуп, көйгөй жаралчу. Учурда 270 метр алыстагы Бабахарасан каналынан суу тартылып, маселе оң жагына чечилип жатат», - деди Р.Эргешов.

Дыйкан Бахром Аззамовдун айтымында, жай мезгилинде суу тартыш болгондуктан, тургундардын арасында пикир келишпестиктер көп болот.

«Айылдын жогору жагындагы дыйкандарга суу жетиштүү болсо, айылдын төмөн жагындагы дыйкандарга суу жетпей калат. Эми ички арыктар бетондолуп, сууну жетиштүү жана үнөмдүү пайдаланып калабыз», - дейт Б.Аззамов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×