Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Ош облусуӨзгөн району 26.05.2019 14:00

Өзгөндүн Красный-Маяк айылындагы 20 жылдыктар жалгыз бой аялга үй салып беришти. Видео

Turmush -  Өзгөн районунун Красный-Маяк айылындагы А.Төрөгелдиев орто мектебинин 1999-жылкы бүтүрүүчүлөрү айылдагы жалгыз бой энени үйлүү кылышты. Бул тууралуу бүтүрүүчүлөрдүн бири Мирланбек Султаназаров билдирди.

Анын айтымында, үйлүү болгон апа батирлеп жашап келе жаткан.

«Биз мектепти аяктаганыбызга 20 жыл болуп жатат. Биз балдар менен биргеликте Ашымкан Шайымкулова эжекебизге үй салып берүүнү туура көрдүк. Анткени эжекебиз 6-класстагы уулу менен батирлеп, ар кимдин үйүндө жашап келген. Бир тууган инисинин короосуна 2 бөлмөлүү үй салып бердик. Жалпы 30 бала акча чогултуп, 400 миң сомго үй салынды. Биздин 20 жылдык мааракебиз быйыл орозо айына туш келгендиктен сооптуу иш жасоону туура көрдүк», - деди Султаназаров

Үйлүү болгон Ашамкан Шайымкулова 1-топтогу майып. Туруктуу иши жоктугунан той-аштарда ар кимдин идиш-аягын жууп киреше табат. Ал үйлүү болгонуна азыр да ишене албай турганын айтты.

«Менин 2 уулу бар эле. 1988-жыл туулган уулум каза болуп калды. Азыр 6-класстагы уулум менен батирлеп жашайм. Мага үй салып беребиз дегенде кубанганымдан ыйлап да жибердим. Үй салып берген балдарга ыраазычылыгымды билдирем. Мага бул күтүүсүз белек болду. Үйлүү болом деп эч ойлогон эмесмин», - деди ал.

20 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн класс жетекчиси Гүлайым Апишованын айтымында, быйылкы 20 жылдык бүтүрүүчүлөр мектепте эле уюштуруу жагынан мыкты болгон.

Ал эми мектептин 10 жылдык бүтүрүүчүлөрү айылына аялдама жасатышкан. Бул тууралуу 10 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн бири Марат Акимбеков билдирди.

«Биз айыл тургундары менен сүйлөшүп, аялдама курууга токтолдук. Анткени жергиликтүүлөр жаан-чачында такси күтүүдө кыйналыша турганын билдиришти. Ошондон улам айылга 2 жерге аялдама куруп бердик. Көп деле чыгым кеткен. Анткени баардык ишти өзүбүз жасадык», - деди ал.

Айыл өкмөттүн башчысы Рыспай Абдуллаев Рамазан айына карата айылдагы жаштар жолдорго шагыл төгүп, жарыктандыруу орнотушкандыгын билдирди.

«Биздин айылдын жаштары айылга аябай көп жардам беришүүдө. Бир ишкерибиз жыл сайын мектептерге суу чыгарып берет. Быйыл ички жолдорубузга 200 унаа шагыл төктүрүп берди. Мындан сырткары айыл жаштары өздөрү демилге көтөрүп, айылды түнкү жарык менен камсыздашты», - деди Абдуллаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×