Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Ош облусу, Озгон 25.05.2019 15:30

«Өзгөн-Тазалыктын» гаражы таштанды жайга айланды: Соодагерлердин дооматы, мэриянын жообу. Видео

Turmush -  Өзгөн шаарынын борборунан орун алган «Өзгөн-Тазалык» ишканасынын унаа токтоочу жайы таштанды төгүлүүчү жайга айланды. Бул тууралуу сатуучулар билдиришти.

Өзгөн шаардык кеңешинин 2015-жылы чыккан токтомунун негизинде, жол жээгинде мыйзамсыз соода-сатык жүргүзгөн соодагерлер, «Өзгөн-Тазалык» ишканасынын унаа токтоочу жайына жылдырылган. Аталган жайда таштанды таштоочу жай жоктугунан унаалар турган жерге соодагерлер таштандыларын алып чыгып ыргытышат.

Сатуучуулардын айтымында, ал жер базар гана болуп, «Өзгөн-Тазалык» ишканасынын унаалары башка жакка көчүрүлгөн. Бирок 6 айга жетпей кайра мурунку ордуна кайтарылган.

«Биздин келгенибизге 3 жылдан ашып калды. «Унаалар сыртка чыгат» дегенде товарларыбызды алып, унааларды өтүп кетүүсүн күтүп отурабыз. Соода кылышыбыз дагы кыйын. Ал эми таштанды таштоого башка жай жок. Аргасыздан унаалар токтогон жерге алып барып таштайбыз. Таштанды үчүн күнүнө 20 сомдон алынат. Бирок таштанды убагында тазаланбайт. Азыр таштандылар ысыкта жыттанып, бизге да ыңгайсыздык жаратууда», - деди сатуучулардын бири Райхан айым.

Ал эми аталган жайдын кароолчусу Улан Сарыбаевдин айтымында, таштанды таштоочу контейнер жок, соодагерлер алып келип эле таштай беришет. Бирок «Өзгөн-Тазалык» ишканасы ар 2 күндө, көбөйүп кеткенде күн сайын таштандылары алып турат.

Өзгөн шаарынын вице-мэри Рахман Атажановдун айтымында, «Өзгөн-Тазалык» ишканасынын унаа токтотуучу жайы Надырбек Каримов мэр болуп турганда соодагерлерге берилген.

«Өзгөн-Тазалык» ишканасынын гаражы 2015-жылы шаардык кеңештин токтомунун негизинде жол боюндагы соода-сатык кылган соодагерлерге берилген. Ал эми аталган жайдагы унаалар автобазага көчүрүлгөн. Бирок 2016-жылы жаңы мэр Саипжан Пратов шайланып, тазалык ишканасынын унааларын кайра ордуна кайтарган. Бирок аталган базар мыйзамдуу иштеп келет», - деди Атажанов.

«Өзгөн-Тазалык» ишканасынын эсепчиси Мавлюда Ходжаева мекеме өзүн-өзү каржылаган ишкана экендигин билдирди. Жалпы аймагы 47 сотыхты түзөт. Учурда жер үйлөрдө жашагандар таштанды үчүн айына 16 сом, ал эми көп кабаттуу үйдүн жашоочулары 14 сомдон төлөшөт.

«Биз өзүн-өзү каржылаган ишкана болгон үчүн таштандыга ким акча төлөсө гана ошол жерди тазалатабыз. Бүгүнкү күндө таштандыны чогултууга 6 унаа бар», - деди ал.

Аталган ишканада жалпы 50 кызматкер эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×