Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ош облусу, Ош 27.05.2019 09:22 На русском

Ош жана Кытайдын Чунцин шаары кызматташууну күчөтөт (сүрөт)

Turmush -  Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана Кытайдын Чунцин шаарынын мэри кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

14-майдан 17-майга чейин Кытай Эл Республикасынын Чунцин шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн форуму өткөн. Форумга 250дөн ашык жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлигинин өкүлдөрү катышып, экономикалык карым-катнашты, туризм тармагын өнүктүрүү тууралуу сөз болгон.

Жыйындын алкагында У.Жылкыбаев Ош облусунун инвестициялык мүмкүнчүлүгү тууралуу презентация жасаган. Андан тышкары Кыргызстандан барган делегация Европадан келген коноктордун катышуусундагы экономикалык жыйынга жана поезд жолунун ачылышына катышышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×