Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Ош облусуАлай району 27.05.2019 16:10 На русском

Алайда 20 жылдык бүтүрүүчү айылына 110 миң сомдук белек берди (сүрөт)

Turmush -  Алай районундагы Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Мурдаш айылына А.Жээнбеков орто мектебинин 20 жылдык бүтүрүүчүсү Махабат Сатыбалдиева 110 миң сомдук боз үй белек кылды. Бул тууралуу Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Нурлан Матамов билдирди.

Анын айтымында, эми боз үйдү Мурдаш айылынын тургундары той-аштарда акысыз колдоно алышат.

«Боз үйдүн ичи чоң, тигип, кайра жыйноого ыңгайлуу. Айылдын эли кызыбызга ыраазычылыктарын айтып жатышат», - деди Нурлан Матамов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×