Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Ош облусу, Ош 28.05.2019 18:43

Эки ыңкылапта Оштогу окуяларды чагылдырган тарыхый-даректүү китеп жарык көрдү (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарында «Оштогу революциялык күрөш» аттуу тарыхый-даректүү китептин бет ачары өттү. Бул тууралуу китептин автору Абдыкайым Кангелдиев өзү билдирди.

16-май күнү Ош мамлекеттик университетинин филология факультетинин чоң залында Апрель элдик революциясынын баатыры Абдыкайым Кангелдиевдин «Оштогу революциялык күрөш» аттуу тарыхый-даректүү китебинин бет ачары болгон. Ага ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору С.Арстанов, Апрель революциясынын катышуучулары, тарыхчылар, илимпоздор жана студенттер катышкан.

А.Кангелдиев катышуучуларга чыгарманын жазылышы, андагы окуялар тууралуу баяндап берип, студенттердин суроолоруна жооп берген. Мыкты суроо узатып жана сунуш айткан студенттерге автордун кол тамгасы коюлган китеп тапшырылган. Иш-чаранын алкагында көргөзмө жана концерттик программа уюштурулду. Ошондой эле ОшМУнун музыкалык тобу китептеги чыгармалардан үзүндүлөрдү окушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×