Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Ош облусуНоокат району 29.05.2019 13:53 На русском

Жаш келин төркүнүндө асынып алган: Кайын журту жана атасы 2 башка окуяны айтууда (видео, сүрөт)

Turmush -  Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тургуну Сакижан Комилов 12 жылдан бери кызынын өлүмүнүн чыныгы күнөөкөрү жазаланбай жатканын аймактык кабарчыга билдирди.

С.Комиловдун кызы — 1983-жылы туулган Нигора Комилова ошол эле Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө келин болгон. Турмушка чыкканына 7 ай толгондо Нигора атасынын үйүнө келип, асынып алган. Сакижан ата кызынын өлүмүнө анын кайын сиңдисин күнөөлөп келет.

«Кызым жогорку билимдүү болчу, тарых факультетин аяктаган. Ал турмушка чыкканына 2 ай боло электе күйөөсү Роосияга иштегени кеткен. Кудагыйымдын 7 кызы бар. Кызым мектепте мугалим болуп иштеп жүрдү. Бир күнү эгиндерди сугаруу үчүн талаага барып, ошол жактагы үйгө кетмен сурап кирген. Үйдүн ээси менен кайын сиңдисин көрүп калып, чуркап качып чыгып, кошуна үйдөгү кайын эжесине барган. Кайын эжесине “эми өлдүм, өлдүм” деп кайталай берген экен. Ошол окуядан кийин кайын сиңдиси М. менен кайын эжеси П. кызымды куугунтуктай башташкан. Кызымды “сени төрт эркекке салып берип, өлүгүңдү ит таппай тургандай кылып коебуз” деп коркутушуп, кол көтөрүшкөн. Себин эшиктин алдындагы каналга агызып, үй эмеректерин сындырып салышкан», - дейт Сакижан Комилов.

Сакижан атанын айтымында, кызы 2 рекет намазын окуп, үйдүн чатырына чыгып, асынып алган. Нигоранын колу-бутунда тактары бар сүрөт атасында сакталуу.

Сакижан атанын арызынын негизинде Ноокат райондук жана Ош облустук соту, ошондой эле Жогорку сот аталган факт боюнча ишти карап, каза болгон келиндин кайын энесин 1 жылга шарттуу түрдө үй камагына камоо тууралуу чечим чыгарган. Келиндин ата-энесине моралдык жана материалдык чыгым катары 100 миң сом өндүрүлүп берилген. Бирок Сакижан ата кызынын кайын сиңдиси жазаланбай калганына нааразы.

Ал эми маркум Нигоранын үй камагына камалган кайын энеси Х.М. келини бир тууган сиңдиси менен урушуп, асынып алганын айтууда.

«Келиндин артында туяк калбаса же аны мен өлтүрбөсөм бизди күнөөлөгөнү туура эмес. Каза болооруна 2 ай калганда “апамды кара курт чагып алыптыр, ооруканага алып барып келейин” деп суранып кеткен бойдон үйгө келбей койду. Менин укканыма караганда, сиңдиси сүйгөн жигитине "турмушка чыгам" деп, сеп даярдалып жаткан. Ал септи биздин келинге берип (Нигора), турмушка узатышкан экен. Үйүнө барганда сиңдиси экөө ошонун айынан урушуп, Нигора апасына кат жазып, асынып алыптыр. Бирок катты эч кимге көрсөтүшпөптүр. Мага жакын туугандары айтышты. Себин алып барып бергем. Бир айга жетип-жетпей ошол сеп менен сиңдисин турмушка беришти. Келин каза болгондон кийин менин үйүмдө жашап, мектепте 3-4 ай иштеген айлыгын атасына төлөп бердим. Атасы 1 жыл менин пенсиямдын жарымын алып турду», - дейт Х.М.

Аталган факт боюнча аймактык кабарчы Ноокат райондук сотуна кайрылганда, кылмыш ишин караган сот учурда иштебей калганы белгилүү болду.

Маркум Нигора 24 жашында турмушка чыгып, 2007-жылы каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×