Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Ош облусуӨзгөн району 29.05.2019 16:11 На русском

Өзгөндө өспүрүм баланы сүзүп, изин жашырып кеткен айдоочу кармалды

Turmush -  Өзгөн районунда 12 жаштагы баланы унаасы менен сүзүп, өзү изин жашырып кеткен айдоочу кармалды. Бул маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалым болгондой, кечээ, 28-май күнү саат 09:40 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 604-чакырымында, тактап айтканда Өзгөн районунун Шоро-Башат айылында «Хундай Портер» үлгүсүндөгү автоунааны батыштан чыгышка карай башкарып бара жаткан белгисиз айдоочу унаа жолдон өтүп бара жаткан Өзгөн районунун 2007-жылы туулган тургуну М.Э.ни сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Өспүрүм Өзгөн аймактык ооруканасына жеткирилген. Аталган окуя боюнча Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү тарабынан райондун чыга бериш жерлерине блок-посттор коюлуп, унаа кырсыгын жасап, качып кеткен айдоочуну кармоо иштери жүргүзүлгөн. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Өзгөн районунун 1987-жылы туулган тургуну — айдоочу А.Н. ошол эле күнү саат 16:40 чамасында Өзгөн РИИБдин ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан кармалган.

Аталган факт боюнча Өзгөн РИИБ тарабынан соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×