Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ош облусуАлай району 30.05.2019 19:25 На русском

Алайда маркумду акыркы сапарга узатуудагы ысырапкерчилик талкууланды. Видео

Turmush -  Алай районунун Кабылан-Көл айылында маркумду акыркы сапарга узатууда ашыкча чыгымдарды кыскартууну талкуулашты, деп билдирди жергиликтүү тургундардын бири Бегали Тажибаев.

Алай районунун Кабылан-Көл айылында Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбековдун катышуусунда жетим балдардын ырыскысына кол салбоо, маркумду акыркы сапарга узатуудагы ысырапкерчилик боюнча жергиликтүү тургундарга, айыл аксакалдарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Н.Кадырбеков маркумду акыркы сапарга узатууда жакыр жашаган үй-бүлөнү мал союуга мажбурлабоо, жетим-жесирлердин мүлкүнө кол салбоо тууралуу кеңири маалымат берип, ысырапкерчиликти айыл аксакалдары эле чечип коёрун баса белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×