Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ош облусу, Ош 30.05.2019 15:24 На русском

Ошто «багы ачылбаган» лагерди ижарага берүүгө жеке ишкер табылбай келет (сүрөт)

Ош шаарындагы «Жаштык» лагери
Ош шаарындагы «Жаштык» лагери

Turmush -  Ош шаарындагы «Жаштык» мамлекеттик балдар лагери быйыл дагы балдарды кабыл албайт, деп билдирди аймактык кабарчы.

1964-жылы Ош шаарынын ардагер мугалимдери курган аталган лагерь учурда Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын муниципалдык менчигинде турат. Анын 3 имараты, бассейн, сахна жана балдар ойноочу аянттары кароосуз калган. Лагерди кайрадан оңдоодон өткөрүү үчүн мэриянын бюджети жетпегендиктен аны жеке ишкерге ижарага берүү үчүн сынак жарыяланган.

«1964-жылы курулган лагердин имараты авариялык абалда жана аянты 5,5 гектарды түзөт. Лагерди ижарага берүү маселеси шаардык кеңеште көтөрүлүп, колдоо тапкан. Андан соң сынак жарыяланган. Бирок учурда сынакка бир дагы жеке ишкер катыша элек. Жеке ишкерге мэрия тарабынан талаптар коюлат. Лагердин 1 карыш жери сатылбайт. Ал 49 жылга да ижарага берилбейт», - деди Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов.

Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Ашым Семетеевдин айтымында, 31-майга чейин бир дагы ишкер сынакка катышуу үчүн арыз тапшырбаса, маселе кайрадан каралат.

«Жеке ишкерге коюлган шарт боюнча ишкер жерди социалдык багытта гана иштетип, архитектуралык жана корук нормаларын сакташы керек болот. Ошондой эле быйыл сынактан утуп, бирок курулуш иштерин баштабаса, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү 50-60тай баланы бекер эс алдырат. Лагердин курулуш иштери бүтүп, эксплуатацияга берилери менен ал мэриянын балансына өткөрүлүп берилет. Жеке ишкердин ижара акысы комиссиянын чечими менен 2 млн 134 миң сом деп көрсөтүлгөн. Максималдуу түрдө 10-15 жылга гана ижарага берилет», - дейт Ашым Семетеев.

Бирок Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош шаарындагы төрагасы Абдыкалык Балтабаев лагерди жаңылап койгонго мэриянын эле күчү жетет деп эсептейт.

«Лагерди ардагер мугалимдер ашар жолу менен курушкан. Ижарага берүү туура эмес. Жеке ишкер короткон акчасын чыгаруу үчүн балдардын эс алуу акысын кымбаттатса башка ата-энелер ал бааны каржылай алышпайт. Мэриядагылар өздөрү "инвестор сарптаган акчасын 10 жылда да актай албайт" деп айтып жатышат. Шаарда 74 миң окуучу болсо, эс алуучу лагерден экөө эле. Анын бири — "Жеткинчек" лагери 250 балага ылайыкташып, облустук болуп саналат. "Жаштык" лагерине 3 топ менен 600 бала эс алып кетсе болот эле. Учурда бала бакчаларды, мектептерди куруп жатышат. Бир бала бакчанын ордуна лагерди оңдоп коюшса жакшы болмок. Лагерди сактап калуу үчүн ушул убакка чейин аракет кылдык. Лагерди мэрия, өкмөт эле жаңылап, ал элдики болуп калышын каалайбыз», - дейт Абдыкалык Балтабаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×