Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Ош облусуАлай району 31.05.2019 09:50

«Евростиль» компаниясы Алайдагы аз камсыз 100 үй-бүлөгө азык-түлүк таратты. Видео

Turmush -  «Евростиль» курулуш компаниясы Алай районундагы аз камсыз болгон 100 үй-бүлөгө жардам берди, деп билдирди аймактык кабарчы.

29-май күнү «Евростиль» курулуш компаниясынын эмгек жамааты Алай районуна барып, Рамазан айынын урматына аз-камсыз болгон 100 үй-бүлөгө азык-түлүк таратышты. Тактап айтканда, ар бир үй-бүлөгө 1 мүшөк ун, май, туз сыяктуу күнүмдүк жашоого керектүү азык-түлүктөр берилген. «Евростиль» компаниясы мындай кайрымдуулук иштерин байма-бай уюштуруп келет.

Аталган курулуш компаниянын жетекчиси Баатырбек Уманов Алай районунун Сопу-Коргон айылында туулуп, ушул айылда өскөн. Ал «Евростиль» компаниясын 2017-жылы негиздеген жана учурда Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдү куруу менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×