Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ош облусу, Ош 31.05.2019 10:05 На русском

Ошто жарамазан айтууну тилемчиликке айланткан 31 өспүрүм кармалган (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарында жарамазан айтып, тапкан акчасына түндө компьютер ойногон 31 өспүрүм бала кармалып, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

16-май күнү Рамазан айында шаардын көчөлөрүндө жарамазан айтып жүргөн жашы жете элек өспүрүм балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ош ШИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте профилактикалык иш-чара өткөргөн.

Анын натыйжасында унаа жолунун боюнда, коомдук тамактануучу жайларда жарамазан айткан өспүрүмдөр аныкталып, чогулткан акчаларына компьютердик клубдарда ар кандай оюндарды ойноп жаткан 31 өспүрүм кармалган. Кармалган балдар «Өспүрүмдөрдүн укук бузууларын алдын алуу борборуна» жеткирилип, ата-энелери чакыртылган. Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ата-энелер өспүрүм балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн алып келгенден кийин гана аларга өткөрүп беришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×