Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ош облусуНоокат району 31.05.2019 10:34 На русском

Ноокаттагы жаштар эрте никеге каршы (сүрөт)

Turmush -  Ноокатта диний экстремизм, балдарга карата зордук-зомбулук боюнча акция өткөрүлдү, деп билдиришти Ноокат шаардык мэриясынан.

18-май күнү «Таза шаар менден башталат», «Диний экстремизм», «Балдарга карата зордук-зомбулукту болтурбоо», «Акыркы коңгуроо майрамына карата ыксыз чыгымдарды азайтуу» жана «Эрте никеге турууну алдын алуу» акциялары өткөрүлгөн.

Акцияга Ноокат районунун акиминин орун басары Ниязбек Козуев, Ноокат шаарынын мэри Жоомарт Нурдинов, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ноокат райондук бөлүмүнүн кызматкерлери, жарандык активисттер жана 500гө жакын жаштар катышкан.

Акциянын жүрүшүндө тиешелүү адистер жогоруда аталган темалар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Андан соң баннерлерди көтөргөн жаштар шаардын борбордук көчөлөрүн аралап, жөө жүрүш жасашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×