Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Ош облусуКара-Суу району 31.05.2019 11:37

Кара-Сууда жоголгон 7 жаштагы баланы издөө иштери токтотулду

// Turmush

Turmush -  27-майда Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагында жоголгон 7 жаштагы М.Н. аттуу баланы издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 2012-жылы туулган М.Н. 27-майдын түнүндө дайынсыз жоголгон. Туугандары ал Кайырма каналына түшүп кетиши мүмкүн экендигин айтып, издеп берүүнү суранышкан. Издөө иштерине ӨКМден 20 куткаруучу, ИИМден 20 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылган. Бирок натыйжа болбогондуктан туугандарынын ыраазычылык катынын негизинде издөө иштери 30-май күнү саат 13:30да токтотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×